Logo
Кыргызча
فارسی
 
  • 20:23 – Иран менен Армения илимий-билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрөт 
  • 15:53 – Роухани Кытайдын 70 жылдык билим күнү менен куттуктады 
  • 14:15 – Ирандын ЕАЭБ кошулушу - өлкөдөгү экономиканын жаңы доору 
  • 11:31 – Роухани Түркмөнстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады 

Иранда Мухаррам айында кан берүү үчүн келген адамдар узун кезекке турушууда

Иранда Мухаррам айында кан берүү үчүн келген адамдар узун кезекке турушууда

Иранда жыл сайын Мухаррам айы башталгандан тартып Арбаинге чейин, өзгөчө Тасуа жана Ашура күндөрүндө  кан борборлоруна кан  берүү акциясы масштабдуу өтөт.
Бул тууралуу “Sputnik News” агенттиги жазды. Бул күндөрү бүткүл Иран боюнча өз ыктыяры менен кан берүүгө келген адамдар узун кезекке турушууда. Ирандын кан куюу борборунун расмий өкүлү доктор Башир Хажибиги өлкө боюнча кан берүү акциясы Мухаррам айынын башында башталганын жана ушул айдын аягына чейин созуларын айтты.
Ал учурда бардык топтогу кан керек экенин айтып, элди кан берүүгө бир гана Тасуа жана Ашура сыяктуу өзгөчө күндөрүндө гана  эмес, ошондой эле башка күндөрү дагы келип кан тапшырууга чакырды.
Доктор Башир Хажибигинин айтымына караганда, 18 жаштан 60 жашка чейинки ден-соолугу чың адамдар донор боло алышат. Донор боло турган адамдын салмагы 50 киллограммдан жогору болуусу абзел. Ошондой эле үзгүлтүксүз донор болуп жүргөн адамдар 65 жашка чейин кан бере алышат.
Ал ушул жылдын март айынан бери азыркы учурга чейин кан борборлоруна 1 миллион 91 миң киши кан тапшырганын кошумчалады.

Календарь
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 
Социялдык тармактарда
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter