Logo
Кыргызча
فارسی
 
  • 20:23 – Иран менен Армения илимий-билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрөт 
  • 15:53 – Роухани Кытайдын 70 жылдык билим күнү менен куттуктады 
  • 14:15 – Ирандын ЕАЭБ кошулушу - өлкөдөгү экономиканын жаңы доору 
  • 11:31 – Роухани Түркмөнстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады 

ИИРдин Кыргызстандагы элчиси Али Можтаба Рузбахани мырзанын Мугалимдер күнүнө карата куттуктоосу

ИИРдин Кыргызстандагы  элчиси Али Можтаба Рузбахани мырзанын Мугалимдер күнүнө карата куттуктоосу

5-октябрь бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнү, жыл сайын дүйнөнүн бүткүл булуӊ бурчунда ар-кыл түрдүү иш чаралар өткөрүлүп келет.
Мугалим күнүн белгилөө, устаттардын жана окутуучулардын баа жеткис жана салыштыргыс эмгегине урмат сый көрсөтүү, бардык деңгээлдеги окуу жай мекемелеринде белгилениши, анын маанилүүлүгүн жана ордун тастыктайт. 
Устат, мугалим, окутуучу жана машыктыруучу - аябай кооз жана өтө маанилүү сөздөр, бул сөздөр менен адамдар өзүнүн кичинекей курагында таанышат жана көптөгөн жылдар бою, бул сөздөр менен чогуу жашап, жада калса өмүрүнүн акырына чейин ага байланып, эсинен чыгарбай келет. 
Чындап, бул сөздөр кайсыл себептер жана далилдерге таянып, ушунчалык деңгээлде адам затынын бүткүл өмүр жолунда маанилүү жана ажырагыс болуп калды?
Мугалим  руханий ата катары, адамдардын бала чагынан баштап өз мойундарына оор милдеттерди, кыйынчылыктарды жүктөп келет, ага баа берүү оңой эмес, анткени алардын эмгегинин баасы биз ойлогондон да кыйла эсе жогору. 
Алгачкы барак үстүнө жазылган тамга, тамгаларды үйрөнүү, илим-билим чокуларын багындыруу, адам эс акылын таңкалдырган учурдун технологиялык жетишкендиктерине кол сунуу, булардын бардыгы, өз өмүрүн ыктыярдуу түрдө билим берүүгө арнаган мугалим эжей-агайдын аракети жана жол көрсөтүүсү менен гана ишке ашат. Ата менен апа адам баласынын үй ичиндеги негизги муктаждыктарын камсыз кылса, алгачкы тарбияны өз мойнуна алып, инсан болуп толукталышында эң чоң бир эстен кеткис ишти аткарышат. Ал эми мугалим адамдардын өмүрүнүн сезимкөй учурунда жардамга келип, акыл эстин, рухтун, мээнин жана эс тутумдун түптүлүшүнө, негизделишине маанилүү өзгөртүү киргизип адамдын келечек тагдырынын жолун курат. 
Мугалим шам чырак сыяктуу болуп, адам өмүр жолунда өз нурун кенен жайып, жарыктык тарапка жана инсандык эң жогорку максатка, адамкерчиликтин бийик деңгээлине жол көрсөтөт, ал менен бирге адамдарды наадандыктын, адашуунун жана жахилдиктин кулчулугунан куткарат. Мугалим өз шакиртинин келечеке карай жарык жолго түшүшүнө ашык болот жана өз шакирттеринин ийгилике жетип, жаркырап жайнаганына ашыктык назары менен көрап ырахат алат, анткени сүйүүсүнүн жана көптөгөн жылдар бою кылган эмгегинин акыбети кайтып, андан түшүмүн көрөт.
 Мугалим эч бир таалыкпай, чарчабай, убакыт саатка карабай эмгектенет жана жашоосундагы бардык кыйынчылык, оор кыйыштар менен күрөшүп, өзү алган билимди берилүү жана чынчылдык менен башкаларга жеткизет. Ал менен бирге келечекте коомдун кийинки мууну жай алып көлөкөлөгөнгө билим мөмөсүн себет жана келечек муундун социалдык, экономикалык, маданий, илимий жана өнөрлүк өсүп өнөгүшүнүн негизги кепилдигин камсыз кылат. 
Иранда мугалим күнүн белгилөө 2-майда өткөрүлөт, бирок убакыттан пайдаланып Иран Ислам Республикасынын элчиси катары Кыргыз Республикасынын бүткүл окуу деңгээлдеги окуу жай мекемелеринин мугалим эжей-агайларынын таалыкпас эмгектерин баалап, чын жүрөктөн майрамыңар менен куттуктайм. Силердин түндүр-күндүр аткарган дарыядай кең эмгек аракетиңердин кыпындай бөлүгүнүн акыбетин аткарабыз деген үмүтүм зор.


Календарь
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 
Социялдык тармактарда
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter