Logo
Кыргызча
فارسی
 
  • 15:42 – 11-чакырылыштагы Иран Парламентинин (Меджлисинин) ачылыш аземи 
  • 22:07 – Ирандын президенти Казакстандын президенти менен телефондон сүйлөштү 
  • 18:00 – Иран элчиси Сербиянын Эмгек министри менен жолукту 
  • 00:30 – Ирандын президенти Оман кырсыгындагы деңиз күчтөрүнүн курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты 

Ирандагы Сасаниддер доорунан калган Фаляк-оль-Афлак сепили

ИрандагыСасаниддердоорунанкалганФаляк-оль-Афлаксепили

Ал Сасаниддер династиясынын тушунда курулган. Тарыхый жазма булактарда сепилдин Шапур-хаст же Сабер-хаст , Хуррамабад деген ар кандай аталыштары болгондугу айтылган. “Фаляк-оль-Афлак” “Асмандардын асманы” деген маанини түшүндүрөт. Сепил аймактык башкаруу борбору катары ал тургай, караван-сарай болуп дагы колдонулган. Курулуш 5300 чарчы метр аймакты ээлеп турат. Бүгүнкү күнгө чейин анын алгачкы 15 мунарасынын 8и эле сакталып калган. Анын дубалынын эң бийиги 22,5 метрди түзөт. Сепилдин бийик дубалдарынын үстүнөн бүтүндөй Хоррамабад шаарын көрүүгө болот.
Сепил бийик дөбөнүн чокусуна жөн жерден курулуп калган эмес: ал нымдуулукка туруштук бере албаган материалдан курулган, бийик дөбөдө сепилдин дубалдары шамалда желдеп, нымдуулуктун сакталып турушуна жол бербейт. Анын короолорунун биринде 40 метр тереңдиктеги кудук бар, бүгүнкү күндө андагы сууну колдонууга болот. Учурда сепилдин аймагында хамам (мончо) жана эки музей бар. Кереметтүү сепилди көрүүгө жыл бою өзгөчө жаз жана жай мезгилдеринде көптөгөн туристтер агылып келет. Бул тарыхый мурас ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар  тизмесине киргизилген.










Календарь
«    Сентябрь 2021    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930 
Социялдык тармактарда
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter