Ирандын президенти Казакстандын президенти менен телефондон сүйлөштү
- 21.05.2020, 22:07,
- Политика
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Бул тууралуу
“Pars Today” агенттиги жазды. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер өнүгүп жаткандыгын белгилешип, бул мамилелерди өз ара кызыкчылык жараткан тармактарда кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө бардык күч-аракетин жумшай тургандыктарын баса белгилешти.
Мамлекет башчылары коронавирус пандемиясы дүйнө үчүн көптөгөн көйгөйлөрдү жараткандыгын айтышып, өлкөлөр ортосунда бул илдетке каршы күрөшүү боюнча тажрыйба алмашуулары маанилүү экендигин белгилешти. Эки өлкөнүн президенттери ошондой эле Иран менен Казакстан оор күндөрдө ар дайым чогуу болушканын белгилешип, эки мамлекеттин Саламаттык сактоо министрликтери коронавируска каршы күрөшүүдө айрыкча Ирандын медициналык желдетүүчү аппараттарды, №95 беткаптарды жана коронавирусту аныктоочу серологиялык тесттерди экспорттоо жаатында көбүрөөк кызматташарын билдиришти.
Рухани өз кезегинде темир жол жана автожол транзитиндеги жана банктык кызматташтыктагы тоскоолдуктарды алып салуу жана Иран менен Казакстандын ортосундагы виза жана ишкердик виза берүүнү жеңилдетүү боюнча келишимди аягына чыгаруу маанилүү экендигин айтты.
