Иран элчиси Сербиянын Эмгек министри менен жолукту
- 15.05.2020, 18:00,
- Политика
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жолугушуунун жүрүшүндө Джорджевич Иранга Косовонун бир тараптуу жарыяланган көзкарандысыздыгын таанбоо жана Сербиянын эгемендиги жана аймактык бүтүндүгүн урматтоо боюнча принциптүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирди. Сербия министри өлкөлөрдүн достугу бекем экендигин белгиледи. "Тегеран менен Белград эл аралык аренада ар дайым бири-бирин колдошот" деди ал.
Джорджевич кошумчалагандай, жакында Сербиянын эмгек, ишке орноштуруу, ардагерлер жана социалдык маселелер министрлиги Ирандын Эмгек министрлиги менен эмгек, социалдык маселелер, камсыздандыруу жана социалдык коопсуздук жаатында кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшат.
Ал Сербия Иран менен өз ара кызыкчылык жараткан көптөгөн тармактарда мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин кошумчалады.