Logo
Кыргызча
فارسی
 
  • 15:42 – 11-чакырылыштагы Иран Парламентинин (Меджлисинин) ачылыш аземи 
  • 22:07 – Ирандын президенти Казакстандын президенти менен телефондон сүйлөштү 
  • 18:00 – Иран элчиси Сербиянын Эмгек министри менен жолукту 
  • 00:30 – Ирандын президенти Оман кырсыгындагы деңиз күчтөрүнүн курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты 

Рухани менен Рахмон эки тараптуу мамилелердин акыркы абалын телефондон талкуулашты

Рухани менен Рахмон эки тараптуу мамилелердин акыркы абалын телефондон талкуулашты

Бул тууралуу Ирандын президентинин басма сөз кызматынан маалымдашканын “Pars Today” агенттиги кабарлады. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар  эки элдин тарыхый, диний жана маданий жалпылыктарына, ошондой эле эки мамлекеттин достук  жана бир туугандык мамилелерине ишара кылышып, эки элдин кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн кызматташтыкты жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары кеңейтүү зарылчылыгын баса белгилешти.
Рухани өлкөсүнүн коронавирусту аныктоочу тест-системаларын жана вируска каршы күрөшүүгө зарыл болгон башка  медициналык жабдууларды өндүрүүдөгү ийгиликтерине токтолуп, “Иран Тажикстандын коронавируска каршы күрөшүүдөгү муктаждыктарын канааттандырууга даяр”, - деп билдирди.
Тажик президенти өз кезегинде Ирандын коронавирус менен күрөшүүдөгү ийгиликтерин жогору баалап, Иран менен мамилелерди жана кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү Тажикстандын тышкы мамилелериндеги принципиалдуу саясаты болуп саналарын белгилеп өттү.
Белгилей кетсек, Ирандын президенти ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен дагы телефондон сүйлөшүп, Иран коронавируска каршы күрөшүүдө Өзбекстанга тажрыйба менен бөлүшүүгө жана муктаждыктарын канааттандырууга даяр экендигин баса белгиледи.
Мирзиёев Ирандын вируска каршы күрөштөгү ийгиликтерин жана аракеттерин жогору баалап, “Ирандын аймакта өзгөчө орду бар, бул өлкө менен мамилелердин өнүктүрүү Өзбекстан үчүн өтө маанилүү”, - деп билдирди.

Календарь
«    Июль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 
Социялдык тармактарда
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter