Logo
Кыргызча
فارسی
 
  • 17:30 – Эл аралык Аль-Кудс күнү Революциянын Жогорку Лидеринин сүйлөгөн сөзү 
  • 18:00 – Иран элчиси Сербиянын Эмгек министри менен жолукту 
  • 00:30 – Ирандын президенти Оман кырсыгындагы деңиз күчтөрүнүн курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты 
  • 21:30 – Рухани менен Рахмон эки тараптуу мамилелердин акыркы абалын телефондон талкуулашты 

Ирандын президенти Оман кырсыгындагы деңиз күчтөрүнүн курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Ирандын президенти Оман кырсыгындагы деңиз күчтөрүнүн курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Бул тууралуу "Pars Today" агенттиги жазды. Рухани Иран армиясынын башкы командачысы, бригадалык генерал Сейед Абдулрахим Мусавиге жолдогон билдирүүсүндө, өлкөнүн улуттук коопсуздугун жогорулатууга жана коргонуу даярдыгын сактоого жана бекемдөөгө багытталган аскердик-деңиз машыгуулары учурунда бир катар ирандык аскерлердин курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
Ошондой эле ал кырсыкта жаракат алгандарга чың ден-соолук жана тезирээк сакайып кетүүнү каалады. Иран армиясынын деңиз күчтөрүнүн коомчулук менен байланыш бөлүмү расмий билдирүү жасап, “Конарак” аскердик кемеси жекшемби күнү кечинде Жаск жана Чабахар сууларында өтүп жаткан аскердик-деңиз машыгуулары учурунда кырсыкка учурап, андан улам 19 киши шейит кетип, 15и жаракат алганын билдирген.
Ирандын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси, генерал-майор Мохаммад Багери, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкы командачысы, бригадалык генерал Хосейн Салами, Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Шамхани жана тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф дагы өзүнчө билдирүүлөрүндө бул кайгылуу окуяда курман  болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана Куралдуу күчтөрдүн жогорку командачылыгына көңүл айтышты.

Календарь
«    Май 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
Социялдык тармактарда
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter