Logo
Кыргызча
فارسی
 
  • 10:35 – Иранда парламенттик шайлоого талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери 
  • 11:47 – Ирандын ТИМбашчысы Мюнхенде кытайлык кесиптеши менен жолугушту 
  • 11:04 – Тегеран шаарында Иран президенти Рухани басма сөз жыйынын өткөрдү 
  • 13:29 – Тегеранда маркум генерал Сулейманинин кыркын өткөрүү жөрөлгөсү өтүүдө 

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин жаңы жетекчиси Иранга барат

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин жаңы жетекчиси Иранга барат

«Mehr News» агенттигинин маалыматына ылайык, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин жаңы директору Рафаэль Гросси жакын арада Иранга иш сапары менен барат.
Гросси бул тууралуу билдирүү жасап, Иранга иш сапары жакын арада ишке ашарын билдирди. Ал Иранга боло турган иш сапарынын так күнүн айтпаганы менен, жолугушуу жакын арада ишке ашырыларын билдирди.
Рафаэль Гросси бул билдирүүнү Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин жаңы директору катарында жетекчилик кылуусу менен өткөн атайын жыйындан кийин жарыялады.
Гросси Түштүк Америкадан Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башкы катчылыгына дайындалган алгачкы адам жана буга чейин Аргентинанын МАГАТЭдеги дипломаты болуп иштеп келген.

Календарь
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 
Социялдык тармактарда
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter