Logo
Кыргызча
فارسی
 
  • 15:42 – 11-чакырылыштагы Иран Парламентинин (Меджлисинин) ачылыш аземи 
  • 22:07 – Ирандын президенти Казакстандын президенти менен телефондон сүйлөштү 
  • 18:00 – Иран элчиси Сербиянын Эмгек министри менен жолукту 
  • 00:30 – Ирандын президенти Оман кырсыгындагы деңиз күчтөрүнүн курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты 

Иранда коронавирустан 105 миңден ашуун адам айыкты

Иранда коронавирустан 105 миңден ашуун адам айыкты

Бул туурасында “Pars Today” агенттиги кабарлады. Саламаттык сактоо министрлигинин коомчулук менен байланыш департаментинин жетекчиси Киануш Жаханпур жекшемби күнү журналисттер менен болгон маегинде өлкөдөгү коронавирус менен ооругандардын акыркы статистикасын жарыялады.
Анын берген маалыматына караганда, акыркы 24 сааттын ичинде коронавирус жуктуруунун 2180 жаңы учуру катталып, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 135 миң 701ге  жетти. Жаханпур акыркы сутка ичинде ошондой эле коронавирустан 58 киши көз жумуп, жалпы каза болгондордун саны 7417ге жеткенин маалымдады.
Белгилей кетсек, дүйнө жүзүндө COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны  5 миллион 422 миңге жетип, алардын ичинен кеминде 344 миң киши көз жумуп, 2 миллион 255 миңден ашуун сакайып, ооруканадан чыгарылды.
CA-IR NEWS.
Календарь
«    Июль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 
Социялдык тармактарда
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter