Иранда күнүнө 2111 коронавирус инфекциясы аныкталды
- 19.05.2020, 16:30,
- Общество
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
"Акыркы сутка ичинде коронавирустук инфекциянын 2111 жаңы фактысы аныкталды. Жалпы жуккан адамдардын саны 124 603кө жетти" деди Джаханпур пресс-конференцияда. Ал белгилегендей, акыркы бир күндө тилекке каршы 62 адам каза болуп, Иранда жалпысынан 7119 адам көз жумган. Джаханпурдун айтымында, инфекция жуккан адамдардын арасында 97 173 калыбына келтирүү учурлары катталган. "Коронавирус менен ооруган 2698 бейтаптын абалы оор" деди Джаханпур.