Logo
Кыргызча
فارسی
 
  • 17:30 – Эл аралык Аль-Кудс күнү Революциянын Жогорку Лидеринин сүйлөгөн сөзү 
  • 18:00 – Иран элчиси Сербиянын Эмгек министри менен жолукту 
  • 00:30 – Ирандын президенти Оман кырсыгындагы деңиз күчтөрүнүн курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты 
  • 21:30 – Рухани менен Рахмон эки тараптуу мамилелердин акыркы абалын телефондон талкуулашты 

Ирандын Элчиси Саид Харази:" Коронавирусту жеңүү үчүн биз чек араларды жаап албай,биргелешип күрөшүүбүз керек"

Ирандын Элчиси Саид Харази:" Коронавирусту жеңүү үчүн биз чек араларды жаап албай,биргелешип күрөшүүбүз керек"

 Кыргызстандагы миссиямдын башталышы Кытайдагы коронавирустун чыгышына туш келди. Бир айдан кийин бул илдет Иранга жайылып, дагы бир ай өткөндөн кийин анын Кыргызстанда жайылгандыгына күбө болдук. Коронавирус Иранда жана андан кийин Европа өлкөлөрүндө жайылып кеткенден кийин, өлкөлөрдүн мамилелери да ушул вируска дуушар болгон жана өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер, алдын ала коюлган көптөгөн программалар ушул вирустун көлөкөсүндө калган.
Расмий кызматымдагы биринчи айда мен айрым кыргыз чиновниктери менен, анын ичинде президент, парламент спикери, тышкы иштер министри жана айыл чарба министри менен жакшы жолугушууларды өткөрдүм. Ошондой эле коронавирустун чыгышына байланыштуу башка жолугушуулар да  токтоп калды. Билимге негизделген компаниялардан турган Илим жана технологиялар боюнча Вице-Президенттин делегациясын Бишкекке жөнөтүү боюнча жакшы пландар түзүлгөн эле, бирок тилекке каршы бул вирустун жайылуусуна байланыштуу ал иш чара кийинкиге калтырылды. Кыргызстанга келген кыска мезгилимде эки тараптуу кызматташтыктын жана Кыргызстан менен аймактык кызматташуунун жакшы мүмкүнчүлүктөрү жана багыттары бар экенин сездим жана аларды туура пайдалануу керек деп ойлойм.
Азыркы учурда эл аралык талдоочулар тарабынан коронавинустун тышкы саясатка таасири  боюнча кызуу талкуулар болуп жатат. Бирок, менимче, мындай кырдаалда мамлекеттер биргелешип иштебесе, көйгөйлөрдү жеңе албай тургандыгы билинди. Өлкөлөр башында жана шашылыш түрдө өз чек араларын жаап салышканы менен кийинчерээк бу вирусту улуттук деңгээлде алдын алуу иш-чараларынан тышкары, бири-бири менен кызматташпай туруп жеңе алышпай тургандыгын билишти.  Эми бара-бара регионалдык кызматташтык чыңдалып жатат. Аймактык кызматташтыктын алгачкы кадамында көрүлө турган багыттардын бири бул - региондо эпидемияга каршы күрөшүү жаатында өлкөлөрдүн тажрыйбалары менен алмашуу, ошондой эле ички экономикага зыян келтирбөө үчүн ден-соолук боюнча протоколдорду түзүү болуп саналат.

Календарь
«    Май 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
Социялдык тармактарда
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter