Logo
Кыргызча
فارسی
 
  • 17:30 – Эл аралык Аль-Кудс күнү Революциянын Жогорку Лидеринин сүйлөгөн сөзү 
  • 18:00 – Иран элчиси Сербиянын Эмгек министри менен жолукту 
  • 00:30 – Ирандын президенти Оман кырсыгындагы деңиз күчтөрүнүн курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты 
  • 21:30 – Рухани менен Рахмон эки тараптуу мамилелердин акыркы абалын телефондон талкуулашты 

Иран ТИМи:«Палестинанын тагдырын бир гана палестиналыктар чече алат!»

Иран ТИМи:«Палестинанын тагдырын бир гана палестиналыктар чече алат!»

Ирандын Тышкы иштер министрлиги Эл аралык Кудс күнүнүн алдында өзүнүн Twitterдеги расмий  баракчасына  «Эл аралык коомчулук Палестина маселесин жетимиш жыл бою чече алган жок, анткени сунуш кылынган  пландар тарыхый фактыларга жана булактарга эч качан дал келген эмес», - деп жарыялады.
Бул тууралуу «Tasnim News» агенттиги кабарлады. «Иран Палестина жери боюнча маселелерди мусулмандар болобу, христиандар же жөөттөр болобу бир гана палестиналыктар чече алат жана чечиши керек деп эсептейт», - деп айтылат расмий маалыматта.
Белгилей кетсек, ыйык Рамазан айынын акыркы жумасы, Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Имам Хомейнинин демилгеси менен бүткүл дүйнөлүк Эл аралык Кудс күнү катары белгиленип келет. Бул жылы Кудс күнү 22-майда белгиленет.

Календарь
«    Май 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
Социялдык тармактарда
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter