Logo
Кыргызча
فارسی
 
  • 15:42 – 11-чакырылыштагы Иран Парламентинин (Меджлисинин) ачылыш аземи 
  • 22:07 – Ирандын президенти Казакстандын президенти менен телефондон сүйлөштү 
  • 18:00 – Иран элчиси Сербиянын Эмгек министри менен жолукту 
  • 00:30 – Ирандын президенти Оман кырсыгындагы деңиз күчтөрүнүн курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты 

Иранда коронавирустан 88миңден ашуун адам айыкты

Иранда коронавирустан 88миңден ашуун адам айыкты

Бул туурасында “Pars Today” агенттиги жазды. Киануш Жаханпур бүгүн Иранда коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын акыркы статистикасын жарыялады. Анын берген маалыматына караганда, өлкөдө акыркы 24 сааттын ичинде 1481 адамдан коронавирус аныкталып, ооругандардын жалпы саны 110 миң 767ге жетти.
Ал ошондой эле акыркы сутка ичинде 48 бейтап көз жумганын айтып, коронавирустун курмандыктарынын жалпы саны 6733кө жеткенин билдирди. Жаханпур Иран дүйнө жүзү боюнча илдеттен айыккандар көп болуп жаткан 5 өлкөнүн катарына кирерин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, дүйнөдө коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 4 миллион 272 миңге жетип, алардын ичинен аз дегенде 287 миң киши көз жумду. Ошол эле учурда илдеттен 1 миллион 535 миңдей бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Календарь
«    Май 2022    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 
Социялдык тармактарда
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter