Иранда COVID-19 жуккан бейтаптардын 71миңге чукулу айыкты
- 28.04.2020, 15:00,
- Общество / Здоровье
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бул тууралуу
“Pars Today” агенттиги кабарлады. Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекиси Киануш Жаханпур кабарчылар менен болгон маегинде Иранда коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын акыркы статистикасын жарыялады.
Анын айтымында, өлкөдө сонку 24 саттын ичинде 991 адамдан коронавирус аныкталып, ооругандардын жалпы саны 91 миң 472ге жетти. Ал дүйшөмбү күнү 36 күндөн кийин өлкөдө коронавирус жуктуруунун жаңы учурлары 1000ден аз катталганын билдирди.
Ошондой эле ал акыркы сутка ичинде 96 бейтап көз жумганын айтып, жалпы 5806 киши каза болгонун билдирди.
Белгилей кетсек, дүйнө жүзү боюнча коронавирус илдетине кабылгандардын саны 3 миллиондон ашып, алардын ичинен кеминде 207 миң адам көз жумду. Ошол эле учурда оорудан 883 миңден ашуун бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.