Иранда коронавирус курмандыктарынын саны 5297ге жетти
- 22.04.2020, 18:32,
- Общество / Здоровье
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин коомчулук менен байланыш департаментинин жетекчиси Киануш Жаханпур акыркы 24 сааттын ичинде коронавирустан 88 киши көз жумуп, жалпы каза болгондордун саны 5297ге жеткенин маалымдады.
Бул тууралуу
“IRNA” агенттиги кабарлады. Жаханпур коронавирус менен ооругандардын жана көз жумгандардын акыркы статистикасын жарыялап, 20-апрелден 21-апрелге чейин коронавирус жуктуруунун 1297 жаңы учуру катталып, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 84 802ге жеткенин билдирди.
Ошондой эле ал бүгүнкү күнгө чейин илдеттен 6965 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылганын белгиледи. Анын айтымында, учурда ооруканада жаткан 3357 бейтаптын абалы оор. Жаханпур өз билдирүүсүндө коронавирус учурларын аныктоолор өлкөнүн 126 лабораториясында жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Ал акыркы күндөрү коронавирус илдети акырындык менен басаңдап бара жатканын айтып, жакынкы күндөрү элге жакшы жанылыктарды жеткирерине үмүт артарын билдирди.