Logo
Кыргызча
فارسی
 
  • 15:42 – 11-чакырылыштагы Иран Парламентинин (Меджлисинин) ачылыш аземи 
  • 22:07 – Ирандын президенти Казакстандын президенти менен телефондон сүйлөштү 
  • 18:00 – Иран элчиси Сербиянын Эмгек министри менен жолукту 
  • 00:30 – Ирандын президенти Оман кырсыгындагы деңиз күчтөрүнүн курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты 

Иран Орусиядан 188 жаранын алып келди

Иран Орусиядан 188 жаранын алып келди

Кечээ, 16-апрелде Ирандын 188 жараны “Mahan Air” авиакомпаниясынын жүргүнчү учагы менен Москва шаарынын Шереметьево аэропортунан Тегеранга учуп барды.
Бул тууралуу “Sputnik.ir” агенттиги кабарлады. Шереметьево аэропортунун Телеграммдагы каналында “Бүгүн “Mahan Air” авиакомпаниясынын учагы Ирандын 188 жаранын Москвадан Тегеранга алып кетти”, - деп маалымдалды.
Орусия коронавирустун жайылышына байланыштуу 27-мартта бир катар өлкөлөр менен үзгүлтүксүз жана чартердик каттамдарды токтоткон.
Белгилей кетсек, Орусия бийлиги 31-марттан баштап кээ бир авиакаттамдарга жана жүргүнчүлөрдүн өлкөгө кирүүсүнө чектөөлөрдү киргизген.
Мындан тышкары, чет өлкөдө жүргөн орусиялык жарандардын Москвага келиши бир гана Шереметьево аэропорту аркылуу  ишке ашырылат, жүргүнчүлөрдүн саны суткасына 500 кишиден ашпайт, ал эми башка аэропорттордо суткасына кеминде 200дөн ашпаган жүргүнчүнү кабыл алат.

Календарь
«    Декабрь 2021    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 
Социялдык тармактарда
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter