Logo
Кыргызча
فارسی
 
  • 15:42 – 11-чакырылыштагы Иран Парламентинин (Меджлисинин) ачылыш аземи 
  • 22:07 – Ирандын президенти Казакстандын президенти менен телефондон сүйлөштү 
  • 18:00 – Иран элчиси Сербиянын Эмгек министри менен жолукту 
  • 00:30 – Ирандын президенти Оман кырсыгындагы деңиз күчтөрүнүн курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты 

Иран менен Кытайдын окумуштуулары коронавируска каршы күрөшүү үчүн кызматташа баштады

Иран менен Кытайдын окумуштуулары коронавируска каршы күрөшүү үчүн кызматташа баштады

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Мусави Иран менен Кытайдын окумуштууларынын ортосунда коронавируска каршы күрөшүү үчүн илимий кызматташтык башталгандыгын маалымдады.
Бул тууралуу “Sputnik” агенттиги “IRNA”  агенттигине шилтеме берип кабарлады.
“Кытай биздин өлкөгө материалдык жардам жөнөтүүдөн тышкары эми ирандык окумуштуулар менен коронавируска каршы күрөшүү үчүн илимий кызматташтыкты баштады. Мындан тышкары, Дүйнөлүк Саламаттык уюму жана башка беделдүү эл аралык уюмдар дүйнөнүн 30 өлкөсү менен бирге Иранга коронавируска каршы күрөшүүгө жардам беришти, биз буга абдан ыраазыбыз”, -деди Мусави.
"Биздин элге мүмкүн болушунча жардам берген өкмөттөргө ыраазычылык билдиребиз жана бул вирус тез арада жок кылынып, биз да башка өлкөлөргө материалдык жана техникалык жактан жардам көрсөтө алабыз деп үмүттөнөбүз”, - деп баса белгиледи ал. Анын айтмында, дүйнөдөгү коронавирус жана терроризм сыяктуу кырсыктар глобалдык тилектештикке жана биримдикке муктаж, анткени бул вирус чек ара, улут жана дин дегенди тааныбайт, ал азыркы учурга чейин 200гө жакын өлкөгө таасирин тийгизди.
Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Киануш Жаханпур өлкөдө жаңы вирус жуктургандардын саны 47 593кө жетип, 3036 адам көз жумуп, 15 473 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылганы маалымдады.

Календарь
«    Июль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 
Социялдык тармактарда
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter