Logo
Кыргызча
فارسی
 
  • 15:42 – 11-чакырылыштагы Иран Парламентинин (Меджлисинин) ачылыш аземи 
  • 22:07 – Ирандын президенти Казакстандын президенти менен телефондон сүйлөштү 
  • 18:00 – Иран элчиси Сербиянын Эмгек министри менен жолукту 
  • 00:30 – Ирандын президенти Оман кырсыгындагы деңиз күчтөрүнүн курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты 

Кытайдын Айлана-чөйрө министрлиги Иранга 400миң беткап берди

Кытайдын Айлана-чөйрө министрлиги Иранга 400миң беткап берди

Кытайдын Айлана-чөйрө министрлиги коронавируска байланыштуу Иранга 400 миң беткап жана медициналык калдыктарды дезинфекциялоочу түзмөк берди.
Бул тууралуу “Sputnik” агенттиги “IRNA” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Маалыматка ылайык, Кытайдын Айлана-чөйрө министрлигинин башкы аткаруучу директору бүгүн, 1-апрелде Ирандын Пекиндеги элчилигине барып,  бул жардамдарды элчиликтин өкүлдөрүнө өткөрүп берди.
Иранга жардам катары берилген медициналык калдыктарды дезинфекциялоочу түзмөк  - ооруканаларда жана медициналык борборлордо күн сайын 10 тоннадай медициналык калдыктарды жок кыла алат.
Кытайдын Айлана-чөйрө министрлигинин башкы аткаруучу директору ошондой эле Ирандын Кытайдагы элчиси менен да жолугушуп, сүйлөштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнү жана бекемдөөнү жана коронавируска каршы күрөшүү жаатында  кызматташуу зарылчылыгын баса белгилешти.  Азыркы тапка чейин Кытай Иранга медициналык жардамдардын 20дан ашуун партиясын жөнөттү.

Календарь
«    Июль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 
Социялдык тармактарда
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter