Logo
Кыргызча
فارسی
 
  • 15:42 – 11-чакырылыштагы Иран Парламентинин (Меджлисинин) ачылыш аземи 
  • 22:07 – Ирандын президенти Казакстандын президенти менен телефондон сүйлөштү 
  • 18:00 – Иран элчиси Сербиянын Эмгек министри менен жолукту 
  • 00:30 – Ирандын президенти Оман кырсыгындагы деңиз күчтөрүнүн курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты 

Катардын эмири Иранга медициналык жардам жөнөтүүнү буйруду

Катардын эмири Иранга медициналык жардам жөнөтүүнү буйруду

Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Иранга коронавируска каршы күрөшүүгө зарыл болгон медициналык жардамдарды тез арада жөнөтүү буйругун бергенин аталган өлкөнүн  ММКлары маалымдашууда.
Бул туурасында “Fars News” агенттиги жазды. Катардын медициналык жардамдары Иранга жөнөтүлүүгө даяр экенин кечээ кечинде бул өлкөнүн расмий маалымат агенттиги кабарлады.
Буга чейин дагы Ирандын Дохадагы элчилигиндеги маалымдар бир аткаминер Иранга жөнөтүлө турган жардамдар учактарга жүктөлгөнүн жана тез арада Иранга жөнөтүлөрүн маалымат каражаттарына билдирген.
Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы статистикасына караганда, өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 11634кө жетип, 514ү көз жумду.

Календарь
«    Июль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 
Социялдык тармактарда
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter