Logo
Кыргызча
فارسی
 
  • 15:42 – 11-чакырылыштагы Иран Парламентинин (Меджлисинин) ачылыш аземи 
  • 22:07 – Ирандын президенти Казакстандын президенти менен телефондон сүйлөштү 
  • 18:00 – Иран элчиси Сербиянын Эмгек министри менен жолукту 
  • 00:30 – Ирандын президенти Оман кырсыгындагы деңиз күчтөрүнүн курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты 

Чахаршанбе-сури - Нооруз майрамынын алдында майрамдалуучу Ирандын байыркы жөрөлгөсү

Чахаршанбе-сури - Нооруз майрамынын алдында майрамдалуучу Ирандын байыркы жөрөлгөсү

Чахаршанбе-сури - Нооруз майрамынын алдында майрамдалуучу Ирандын байыркы жөрөлгөсү


Жаз айында күн менен түн теңелип, табият таттуу уйкудан ойгонуп жадыраган нооруз майрамы кирип келет эмеспи. Нооруз иран сөзүнөн “Ноу”-“жаңы” ал эми “руз”-күн деген мааниде экени баарыбызга маалым.  Нооруз майрамы иран эли үчүн эң чоң майрамдардын бири. Ноорузда көптөгөн байыртадан бери сакталып калган каада-салт, жөрөлгөлөр өткөрүлөт. Ал майрамдар жана жөрөлгөлөрдүн кээ бири ноорузга бир нече күн калганда майрамдалса, кээ бири нооруз майрамынан бир нече күн өткөндөн кийин майрамдалат.   Ошол майрамдардын бири Чахаршанбе-сури деп аталат жана ал Нооруз майрамына бир нече күн калганда жылдын акыркы шаршенби (среда) күнү майрамдалат. Бул майрам байыркы зороастр ырым-жырымдарынан калган. 
Эске салсак Иранда үч жылнама колдонушат эмеспи, алар: 
Григориан (христиан) жылнамасы – чет мамлекеттер менен иш алып барууда жана алар менен соода сатык жүргүзүүдө колдонулат. 
Араб жылнамасы (айга карай Ислам жылнамасы) – диний иштерди алып барууда колдонулат.
Ал эми Перс жылнамасы (күнгө карай хижрадан башталган же болбосо Мухаммед пайгамбар Меккеден Мединага баргандан тартып эсептелинип, иран элинин бүгүнкү жашоодо колдонгон жылнамасы болуп эсептелинет.  
Иран жылнамасы боюнча жаңы жылдын биринчи күнү григориан жылнамасы менен 20-чы же 21-мартка, күн менен түндүн теңелишине дал келет.
“Чахаршанбе” – шаршемби жана “сури” – кызыл, оттун түсү дегенди билдирет. Байыркы зороастризм доорунан калган бул майрамды Ирандын бардык тургундары б.а. Ирандагы мусулмандар, христиандар жана еврейлердин бардыгы майрамдашат өзгөчө бул майрам жаштарга абдан жагат. Чахаршанбе-сури майрамы түн ичинде өткөрүлүп, негизги мааниси от жагуу болуп эсептелинет. Жаштар күн батканда от жагып, андан секирип, айланасына кырка отуруп же туруп шатыра шатман ыр ырдап, оюн зоок менен өткөрүшөт. Негизинен бул майрам көптөгөн элдик ишенимдер жана каада салттар менен байланыштуу. Азыркы тапта бул майрамды ирандын ар тарабында ар түрдүү майрамдашат анткени кээ бир жерлерде майрам толугу менен сакталып калбай унутта калса, кээ бир жерлерде тескерисинче толугу менен сакталып калган. Азыркы күндө эң кооз жана эзелтен сакталган боюнча эч жери өзгөрбөгөн  “Чахаршанбе сури” майрамы Исфахан шаарында өтөт. 

От жагуу жана фейервергтер
Бул майрамда от жагуу абдан маанилүү жана жергиликтүү калк от канча чоң болсо жана ал канчалык балбылдап күйсө ошончо жакшы деп билишет. Андан тышкары азыркы заманда жаштар бул майрамды фейервергсиз элестете алышпайт. Салтка ылайык бул майрам шейшемби (вторник) күнү күн баткандан кийин башталат жана андагы жагылган от, шаршемби (среда) күнү күн нурун чачып чыкканга чейин өчпөсү зарыл.  Албетте ар бир короо алдында жагылган мындай оттордун натыйжасында ар кандай  жагымсыз окуялар болбой койбойт ошондуктан коопсуздук кызматкерлери бул майрамда тыным албай иштеп, ар кандай өрт окуяларын алдын алуу тууралуу үн алгы сын алгыдан кун мурунтан берүүгө аракет кылышат. 
Ал эми бул майрамдын негизги салты тууралуу айтсак, бул майрамда жаштар жагылган оттун үстүнөн секирип өтүү менен бирге өзүлөрүнүн жамандык, оору-сыркоосун отко берип, оттон жаңы жылга жаңы дем,  ден-соолук, бакыт-таалай алаарына ишенишет. Андыктан атайы “Менин сарым сага, сенин кызылың мага”  башкача айтканда менин оору сыркоом сага сенин бакыт-таалайың мага” деген мааниде эки сап ыр айтып оттон секиришет. Ошентип “Чахаршанбе-сури” жылдын акыркы шаршемби күнү майрамдалуучу майрамда иран эли  оттун үстүнөн секирип, эски оору-сыркоо, жамандыктардан арылып, аларды эски жыл менен калтырышат жана оттон жаңы күч кубат, ден соолук жакшы үмүт менен жаңы жылды карай аттанышат. Иран эли бул майрамда бир нече жөрөлгө аткарышат. 
Бул түнү аткарыла турган жөрөлгөлөрдүн бири “Гашог-зани” (кашык менен ургулоо) деп аталат.  Гашог-зани жөрөлгөсүндө ирандык кичине балдар ар кандай таанылбай тургандай кооз кийимдерди кийишип, таанылбоо үчүн беттерин жаап же болбосо кара боёк менен боёшуп, жыгач кашык менен мискейди каккылап калдыратып үн чыгарып белек, таттуу ширин алуу үчүн тууган-тушшкандардын жана кошуналардын үйлөрүн кыдырышат.  Негизинен аларга Анжил (Анжил – жаңгактардын түрү жана кургатылган жемиштер турат), анар жана акча беришет. Ал эми бул жөрөлгөгө жаш кыздар катышып, кожоюн берген биринчи белекти, келе жаткан жаңы жылда болочок жолдошуна жолугабы же жокпу төлгө катары колдонушат.  
Адрашман түтөтүү
Адрашмандын данын түтөтүп, аны менен тууган-туушкандарды, досторду аластап, суук көз жана жамандыкты кубалашат. 

Шаль андази (жоолук таштамай) 
Байыркы жөрөлгө жоолук таштамай азыркы күнгө чейин сакталып калган эмес. Бирок анча чоң эмес айылдарда бүгүнкү күндө да өткөрүлүп келет. Бул жөрөлгөдө жаштар бир нече жоолукту бири бирине байлап мештин мору аркылуу кошуна үйлөрдүн ичине  салышат. Үй ээси мештен чыккан жоолуктун учун көрүп  ага ар кандай таттуу ширин, белек-бечкек байлашат. 
“Фаль-гуши” (өтүп бара жаткан адамдардын сөзүн тыңшоо аркылуу төлгө салуу.
Ар бир адам жылдын кандай болоорун, алдыда келе жаткан окуялардын жакшы болоорун билүүгө далалат кылат эмеспи, андыктан “Чахаршанбе сури” күнү Ирандык кыздар каало-тилек айтып, эшиктин жанына бир нече мүнөт туруп, эшиктин алдында өтүп бара жаткан адамдардын сүйлөшкөндөрүн угушат. Андан соң алардын сүйлөшкөн сөздөрүнүн маанисине карай айтылган каалоо тилектери канчалык деңгээлде оорундалаарын чечмелөөгө аракеттенишет. Өтүп бара жаткан адамдар жагымдуу сөздөр менен бара жатса келе жаткан жыл жакшы, ал эми жагымсыз сөздөр менен сүйлөшүп бара жаткан болсо жаңы жылда кыйынчылык болот деп билишкен. 
“Кузе-шекани” (Идиш сындыруу” 
Бугүнкү күндө көбүнчө мындай кызыктуу жөрөлгө Ирандын Хорасан аймагында өткөрүлөт. Идиш сындыруу жөрөлгөдө үйдүн кожойкеси кумараны терезеден ыргытат. Ал эми кумаранын ичине тыйын, туз жана оттун күлүн салышы керек. Туз үйдөгү жамандыкты кубалап, жаман көздөн сактайт, оттун күлү жакырчылыктан жана оору сыркоодон сактайт, ал эми тыйынды көчөдөгү кедей-кембагалдар үчүн салышат. Андан да ал кумараны терезеден ыргытаар алдында үй-бүлө мүчөлөрүнүн башынан айлантуу керек, андан соң кумараны ыргытып атып “Жамандык кетсин, жакшылык келсин, жакырчылык кетсин – молчулук келсин, деп айтышат. Мындай жөрөлгө менен үй-бүлө келе жаткан жаңы жылда ар кандай кырсыктан сактанышат деп эсептелинет.    
Анжиле мошкель-гоша
“Чахаршанбе-сури майрамынын эң бир татту аруу ширин жөрөлгөлөрүнүн бири. Атайы кургатылган жемиштер жана жаңгактардын түрүнөн турган “Ажиль” бардык маселелерди (“Мошкель гоша”) чечүү үчүн арналган. Ажилдин курамы Ирандын ар бир аймактарында ар башкача даярдалат. Мисалга алсак Тегеран шаарында ажилдин курамын фисташка, миндаль, жер жаңгак, мейиз, кургатылган өрүк, жийде мөмөсү, финик кургатылган  инжир кээде кургатылган тыт түзөт. “Чахаршанбе сури күнү адамдар ажилди ичи көрүнгөн баштыктарга салышып кошуна колоңдорго, тааныштарга таратып беришет. Кээ бирлери ажилди табактарга салышып көчөдөгү элдерге “Биздин маселебизди биз чечебиз – Сиздердин да маселеңиздер оң жолго чечилсин” деп таратып беришсе кээде бирлери мечиттерге барып таратышат. Айта кетчү нерсе ажилди даярдап жаткан адам жуунуп, даарат алып, атайы ажилге деп кургатылган жемиштерди сатып алып жана аларды жууп даярдап аткан маалда ушак айтпашы жана ачууланбашы зарыл.  Ажилди баштыктарга салган себеби да тазаа ажил адамдын кир колуна тийбесин деген ниетте салынат. Элдерди ажил берип кубандыруу менен Ирандыктар жакшылык жана токчулуктан үмүт кылышат. Ирандыктарда ажил таратуу жөрөлгөсү ар кандай тойлордо да аткарылат. 
“Ажиле мошкель-гоша” жөрөлгөсү абдан кызыктуу окуя менен байланыштуу.
 Илгери илгери өткөн заманда дүйнөдө татту-ширин чогултуп иштеген адам жашаптыр. Ал көп жылдар бою жонуна оор жүк көтөрүп иштеп, абдан жакыр жашачу экен. Күндөрдүн биринде ал өзүнүн кепесине кайтып келип, абдан чарчаганын жана белинин сыздап ооруп атканын сезет. Ал кыймылдаганга дарамети келбей үйдө турган керебетке кыйшайа кетет да “Оо жараткан Кудай эми эмне кылам? Күнү бою тыным албай эмгектенем, бирок мен ооруп калсам жада калса белимди кыймылдата алабай калсам, мындан ары кантип жашайм?” деп ойлонот. Ошол түнү ал бир укмуштууда түш көрөт. Түшүндө ага периште келип “Ушун күндөн баштап сенин маселең чечиле. Бирок бул үчүн сен ай жаңырган сайын, ар бир айдын биринчи күнү көп ажил даярдап кедей-кембагалдарга таратып берүүң зарыл!” дейт. Түш көрүп жаткан адам ойгонуп кетип, бул жөн гана түш болсо керек деп ойлойт. Бирок ал керебеттен турганында жонуна көтөргөн оор куржун эч түйшүксүз эле көтөрүп, бели да оорубай калган болот. Ал эми куржундун ичинде абдан чоң баалу таш болот. Адам баалуу ташты сатып анын акчасына кене кесир жашап калат.   Бирок ай сайын, ар бир айдын биринчи күнүндө ал ажил даярдап кедей кембагалдарга таратып берип турат. Ошентип Ажил дарядап элге таратуу жөрөлгөсү эл ичинде кеңири тараган. 
Жогоруда айтылган жөрөлгөлөрдөн тышкары иран эли үйлөрүн тазалап жууп, анча мынча жарака кеткен идиш аяктарды, жыртылган жана эски кийимдерди ыргытып жаңы жылга даярданышат. Үй тазалоо жөрөлгөсү Хуне текани (Үй тазалоо) деп аталат. Ирандыктар килемдерин жууп, үйлөрүн актап тазалап жаңы жылга даярданышат. Андан тышкары Ноорузга бир нече күн калганда чакан идиштерге буудай эгишет. Идиштеги эгилген буудайдын жакшы өсүшү абдан маанилүү, анткени жапжашыл болуп, дүркүрөп өскөн буудай токчулуктун жана молчулуктун белгиси.    
Календарь
«    Август 2021    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 
Социялдык тармактарда
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter