Logo
Кыргызча
فارسی
 
  • 15:42 – 11-чакырылыштагы Иран Парламентинин (Меджлисинин) ачылыш аземи 
  • 22:07 – Ирандын президенти Казакстандын президенти менен телефондон сүйлөштү 
  • 18:00 – Иран элчиси Сербиянын Эмгек министри менен жолукту 
  • 00:30 – Ирандын президенти Оман кырсыгындагы деңиз күчтөрүнүн курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты 

КытайдынТегерандагы элчиси: Кытай эли Иранга коронавируска каршы күрөшүү үчүн 576 миңдоллар берди

КытайдынТегерандагы элчиси: Кытай эли Иранга коронавируска каршы күрөшүү үчүн 576 миңдоллар берди

Кытайдын Тегерандагы элчиси Чанг Хуа Ирандын Пекиндеги элчилиги акыркы 24 саат ичинде Кытай элинен жардам катары 4 миллион юань (576 миң доллар) нак акча алганын маалымдады.
Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Кытайдын элчиси өзүнүн Твиттердеги баракчасына “Кытайдын эли активдүү түрдө Иранга коронавируска каршы күрөшүүгө акчалай жардамдарды тапшырды. Ирандын Пекиндеги элчилиги акыркы 24 саат ичинде 4 миллион юань (576 миң доллар) кабыл алды”, - деп жазды.
Белгилей кетсек, Кытай бийлиги буга чейин Иранга гуманитардык жардамдардын төрт партиясын жөнөткөн. Андан сырткары, Кытайдын адистештирилген дарыгерлер тобу ирандык эксперттер менен иштешүү үчүн Иранга жиберилген.
Кытай бийлиги акыркы жолу Иранга коронавирусту аныктоочу шаймандарды, дем алдыруучу аппараттарды жана коронавируска каршы дары-дармектерди жөнөткөн.

Календарь
«    Июль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 
Социялдык тармактарда
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter