Logo
Кыргызча
فارسی
 
  • 15:42 – 11-чакырылыштагы Иран Парламентинин (Меджлисинин) ачылыш аземи 
  • 22:07 – Ирандын президенти Казакстандын президенти менен телефондон сүйлөштү 
  • 18:00 – Иран элчиси Сербиянын Эмгек министри менен жолукту 
  • 00:30 – Ирандын президенти Оман кырсыгындагы деңиз күчтөрүнүн курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты 

Намаки: Иран коронавирусту сөзсүз токтотот

Намаки: Иран коронавирусту сөзсүз токтотот

Ирандын Саламаттык сактоо министри Саид Намаки өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 5 адам экенин айтып, “Иранда коронавирус сөзсүз токтотулат”, - деди.
Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги маалымдады. Намаки Ирандын президенти Хасан Руханинин буйругу менен коронавируска каршы күрөшүү боюнча штаб түзүлгөнүн жана ал штабка өлкөнүн Саламаттык сактоо министри жооптуу экенин белгиледи.
Ал коронавирустун алдын алуу жана аны менен күрөшүү штабынын алгачкы жыйыны бир катар министрлер, кризистик башкаруу уюму, жарандык коргонуу уюму жана куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтүп, вирусту токтотуу үчүн чечимдер кабыл алынганын билдирди.
Намаки ушул жылдын күз мезгилинде курч мүнөздөгү вирустук инфекциянын (ОРВИ) жайылышы токтотулгандай эле коронавирус дагы көзөмөлгө алынат деди.
Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, өлкөдө коронавирус жуктурган 5 учур аныкталып, экөөсү көз жумду.

Календарь
«    Июль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 
Социялдык тармактарда
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter