Logo
Кыргызча
فارسی
 
  • 15:42 – 11-чакырылыштагы Иран Парламентинин (Меджлисинин) ачылыш аземи 
  • 22:07 – Ирандын президенти Казакстандын президенти менен телефондон сүйлөштү 
  • 18:00 – Иран элчиси Сербиянын Эмгек министри менен жолукту 
  • 00:30 – Ирандын президенти Оман кырсыгындагы деңиз күчтөрүнүн курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты 

Ирандыктардын, сиздин ойуңузга да келбеген маанилүү ойлоп табуулары

Ирандыктардын, сиздин ойуңузга да келбеген маанилүү ойлоп табуулары

Ирандыктардын, сиздин ойуңузга да келбеген маанилүү ойлоп табуулары
         Дүйнөдөгү эң байыркы цивилизациялардын биринен күтүп жаткандай эле,  ирандыктар азыркы учурда биз кадимки көрүнүш катары кабыл алып жаткан көптөгөн мыкты (гениалдуу) жана революциялык нерселерди жана концепцияларды жаратышкан.
Адам укуктары
         Улуу Куруш цилиндири  илгертеден дүйнөдөгү эң алгачкы адам укуктарынын универсалдуу хартиясы деп таанылган. Улуу Куруштун б.з.ч. 534-жылы жаралган цилиндири ылайдан жасалган жана аккад клинопистик жазуусуна киргизилип, Улуу эркидик хартиясына чейин бир миң жылдыкта болуп өткөн. Ал 1879-жылы Вавилондо табылган жана азыркы учурда Лондондогу Британ музейинде сакталып турат.

Почта кызматы
         “Чапар Кхане” – бул Ахеменид империясы доорунда колдонулган, алгачкы почта байланыш системасын билдирген фарсы термини. Ал Улуу Куруш тарабынан түзүлгөн, бирок кийинчерээк баардык персия аймагында байланыш түзүү ыкмасы катары колдонуу максатында Улуу Дарий тарабынан кайрадан иштелип чыккан.   Бул система, бүткүл империя боюнча узундугу 2500 м түзгөн, чон жолдун боюндагы бир канча станциядан туруп, анда “чапарлар” (чабармандар)  ат үстүндө хандыктын бир башынан экинчи башына почта жеткирүү милдетин аткарышкан. 

Муздаткыч
         Б.з.ч. 400-жылы байыркы перстер дүйнөдөгү алгачкы муздаткычты ойлоп табышкан. “Муздаткычтын” фарсыча аталышы – “Яхчал” – муздак чуңкур деп которулат, заманбап муздаткыч дал ушундан башталган. Анын алгачкы түзүлүшү анча чоң эмес тоого окшогон, купол сымал формага ээ болуп, көбүнчө муз жана кээде азык-түлүк сактоо үчүн колдонулган.

Алгебра
         Мухаммад ибн Муса аль-Харазми  Багдаддагы перс илимпозу (б.з. 750-850-жж.) болгон. Анын иштери Аббасид халифатынын мезгилинде математика, астрономия жана география тармактарын камтыган. Бүгүнкү күндө ал алгебраны өзүнчө илим катары бөлүп окутуу методунун аркасы менен белгилүү болуп саналат. Ошондуктан, Мухаммад ибн Муса аль-Харазми  алгебранын негиздөөчүсү деп саналат. 

Күкүрт кислотасы
         Закария Рази (б.з. 865-925-жж.) спирт ичимдигин жана күкүрт кислотасын ачкан новатордук иран илимпозу болгон. Азыркы учурда  күкүрт кислотасы абдан кеңири колдонулуп келет жана андан тышкары тазалагыч, коргошун-кислоталык батареялардагы электролит катары ж.б. нерселерде колдонулат. 
Шахмат
         Шахмат оюну Индияда пайда болгонбу же Персиядабы деген талаш-тартыштар болгону менен, шахмат жөнүндө эң алгачкы жазма түрүндөгү эскерүүлөрдү иран адабиятынан табууга болот. Эң байыркы сакталып калган шахмат фигуралары Персия аймагында табылгандыктан улам - шахмат Персияда пайда болгон деген ишеним  тастыкталат.
Эң алгачкы монотеисттик дин
         Зороастризм, азыркы учурда Иранда жайгашкан Йезд шаарында 3500 жыл мурун Заратуштра пайгамбар тарабынан негизделген, дүйнөдөгү байыркы монотеисттик дин болуп саналат. Байкоолор боюнча, бүгүнкү күндө дүйнөдө болжол менен 300 000 зороастриялыктар бар.

Кяриз (сугат каналы)
         Кяриз Ахаменид дооруна чейин ирригацияда колдонулган, суу ресурстарынын башкаруу системасы болгон. Белгилүү кяриздердин эң байыркысы Ирандагы Гонабад шаарында жайгашкан, 2700 жыл өтсө дагы ал азыркы күнгө чейин калкты – ичүүчү жана айыл-чарбага керектелүүчү суу менен камсыздап турат.
Иран жылнамасы деген эмне
         Дүйнөдөгү көпчүлүк өлкөлөрүн жыл саноосу Христостун төрөлүшүнөн саналып баштаган григориан календарын колдонушат. Ал эми ислам дүйнөсүндө Мухаммад пайгамбар (САВ) Меккеден Мединага келген күндөн саналып баштаган – хижра календарлык системасы колдонулат. Ал эми Иран, байыркы маданияты жана чоң мурасы бар мамлекет катары жалпы тизмеден чыгып, күн хиджрасы деп аталган, өзүнүн жылнамасы колдонулат. 

         Иран жылнамасы дүйнөдөгү эн байыркы жалнамалардын бири гана болбостон, азыркы күндө эң так күндүк жылнама болуп саналат. Ал өз тарыхында бир нече жолу административдик, климаттык жана диний таасирлердин астында өзгөргөн жана бир канча миң жылдардан бери так иштеп келе жатат. Атап айтканда, заманбап иран жылнамасы 11-кылымда белгилүү перс акыны жана астроном Омар Хайям кирген астрономдор тобу менен түзүлгөн Жалали перс календарынан келип чыгат.
         Заманбап иран жылнамасы Ирандын расмий жылнамасы болуп саналат. Башкача айтканда, бул жылнама теориялык түшүнүктөрдө негизделген григориан жылнамасынан айырмаланып, байкоолор менен негизделген. Ошондуктан, орточолонгон григориан жылнамасынан айырмаланып, ар бир жылдын башы астрономиялык жактан аныкталат. 
         Азыркы күндөгү иран жылнамасы расмий түрдө 1925-жылы 31-мартта, Реза Пехлеви бийликке келгенден кийин кабыл алынган. Кайрадан бекитилген жылнамага ылайык, жылдын биринчи күнү жаздын биринчи күнүнө “анык күндүк жылга”, тагыраак айтканда, Нооруз деп аталган жаздын күн менен түн теңелген күнүнө туура келүүсү керек. Ноорузда күн менен түн теңелип, түн узара байтайт, андыктан  жаңы күн же болбосо жылдын биринчи күнү деп эсептелинет.  Ирандын  жылнамасы 1979-жылдагы Ислам революциясына карабастан, азыркы учурда дагы колдонулуп жаткан байыркы зороастриялык айлардын аталышы кайрадан түзүлүп чыккан. Анын жыл саноосу хижрадан (Мухаммад (САВ) пайгамбардын  Меккеден Мединага келиши) башталат. Жаңы жылнама 12 жылдык кытай-уйгур жылнамасынын циклин жокко чыгарган, ошентсе да узак убакыт бою күнүмдүк турмушта колдонулуп келген. 
         Бул жылнамада ар бир айдын так саны бекитилген. Биринчи алты ай 31 күндөн, кийинки беш ай-30 күндөн, ал эми акыркы ай  кадимки жылда – 29 күндөн жана узак жылда 30 күндөн турат.   Күн хижрасынын ар бир 33 жылдык доорунда – 8 узак жыл бар. Жыйынтыгында, 4500 жыл ичинде 1 гана күн ката болот. Иран жылнамасы григориан жылнамасына караганда тагыраак. Григориан жылнамасы боюнча ирандык жаңы жыл 21-мартта башаталат. Григориан жылнамасы боюнча жылды аныктоо үчүн, күн хижрасына туура келген жылга 621 же 622 (жыл мезгилине карата) кошуп коюу керек. 
         Иран жылнамасындада ар бир апта ишенбиден башталат жана жума күнү бүтөт (жума күн эс алыы күнү). Аптанын күндөрүнүн аталыштары төмөндөгүдөй: шанбе, йекшанбе, дошанбе, сешанбе, чахаршанбе, панжшанбе жана джом’е (йек, до, се, чахар жана пандж – сандардын бирден бешке чейин персиялык аталыштары). Жума түшүнүгүн берген джом’е сөзү, араб тилинен келип чыккан.

Календарь
«    Август 2021    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 
Социялдык тармактарда
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter