Logo
Кыргызча
فارسی
 
  • 10:35 – Иранда парламенттик шайлоого талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери 
  • 11:47 – Ирандын ТИМбашчысы Мюнхенде кытайлык кесиптеши менен жолугушту 
  • 11:04 – Тегеран шаарында Иран президенти Рухани басма сөз жыйынын өткөрдү 
  • 13:29 – Тегеранда маркум генерал Сулейманинин кыркын өткөрүү жөрөлгөсү өтүүдө 

Иран Ислам Республикасынын акыркы 41 жыл ичиндеги жетишкендиктери

Иран Ислам Республикасынын акыркы 41 жыл ичиндеги жетишкендиктери

Иран Ислам Республикасынын акыркы 41 жыл ичиндеги жетишкендиктери

Ирандагы Ислам революциясынын жеңишинен кийинки 41 жыл ичиндеги Ирандын илим-билим, маданият, спорт жана башка жетишкендиктери жана  дүйнөдөгү орду. 

Иран: 
Суутек запасы боюнча дүйнө жүзүндө 2-орунду ээлейт,
Темир руда запасы боюнча дүйнө жүзүндө 11-орунду ээлейт,
Алтын валюта кени боюнча дүйнө жүзүндө 19-орунду ээлейт,
Таш көмүр запасы боюнча дүйнө жүзүндө 12-орунду ээлейт.
Пайдалуу казып алуулардын көлөмү боюнча дүйнөдөгү бешинчи бай өлкө (нефти, газ, көмүр, отун, алтын, күмүш, жез, уран, чийки темир, фосфат ж.б) деп саналат.
Ирандын калкынын саны дүйнө калкынын бир пайызын түзүп, дуйнөдөгү минералдык ресурстардын жети пайызы жайгашкан өлкө.
Күйүүчү ресурстардын көлөмү боюнча дүйнөдөгү төртүнчү өлкө.
Иран: 
Дүйнөлүк туризмде археологиялык жана тарыхый эстеликтердин саны боюнча дүйнө жүзүндө 10-орунду ээлейт
Жаратылыштагы кооз жерлер боюнча дүйнөдө 5-орунду ээлейт.
Жумушчу күчтүн саны боюнча дүйнө жүзүндөгү 22-өлкө (30 млн.дон ашыуун жумушка жарамдуу калк) жумуш менен камсыз болгон. .

Суу жабуу аянты бонча дүйнөдөгү 7-өлкө

Биологиялык ар түрдүүлүгү боюнча дүйнөдөгү 13-өлкө

Билим берүү


Иран: Жылына басылып чыгарылуучу китептердин саны боюнча дүйнөдөгү 9-өлкө. 
Ирандын китеп басып чыгаруу тармагындагы көрсөткүчтөрү:
  • Колдонмо илимдер тармагындагы китептерди басып чыгаруу боюнча дүйнө жүзүндө 16-орун
  • Искусство жана оюн-зоок тармагындагы китептерди басып чыгаруу боюнча дүйнө жүзүндө 18-орун
  • Психология жана философия тармагындагы китептерди басып чыгаруу боюнча дүйнө жүзүндө 13-орун
Ирандын китеп басып чыгаруу тармагындагы көрсөткүчтөрү:
  • Теология тармагындыгы китептерди басып чыгаруу боюнча дүйнө жүзүндө 2-орун
  • Лингвистика тармагындагы китептерди басып чыгаруу боюнча дүйнө жүзүндө 3-орун
  • Жалпы адамзат суроолору тармагындагы еитептерди басып чыгарууда дүйнө жүзү боюнча 12-орун
Ирандын мектептеги билим берүү тармагындагы көрсөткүчтөрү:
  • Мектепте билим берүү бюджетинин көлөмү жалпы республикалык бюджеттин көлөмүндө дүйнө жүзүндө 19-орун
  • Башталгыч мекткптеги окуучулардын саны боюнча дүйнө жүзүндө 17-орун
  • Орто мектептеги окуучулардын саны боюнча дүйнө жүзүндө 8-орун

STEMдин бүтүрүүчүлөрү

Илим, технология, инженердик-техникалык жана математика факультеттеринин бүтүрүүчүлөрүнүн саны боюнча дүйнө жүзүндө 5-орунду ээлейт.
  • STEM термини негизи билим берүү саясатын изилдөөдө жана мектептерде илим жана технологиянын атаандашуу жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу максатында окуу программаларын тандоодо колдонулат.

Спорт

Иран спорттун командалык түрү боюнча дүйнөлүк рейтингтнде:

Волейболду отуруп ойноо эркектер арасында дүйнө боюнча 1-орун

Каббади боюнча дүйнөдө 2-орун
Сепактакрау боюнча дүйнөдө 3-орун
Жайык жээк футболу боюнча дүйнөдө 3-орун
Кичи футбол боюнча дүйнөдө 6-орун
Волейболду отуруп ойноо аялдар арасында дүйнөдө 6-орун
Волейбол боюнча дүйнөдө 8-орун
Жайык жээк гандболу боюнча дүйнөдө 22-орун
Баскетбол боюнча дүйнөдө 24-орун
Футбол боюнча дүйнөдө 27-орун
Оор атлетика боюнча дүйнөдө 1-орун
Эркин күрөш боюнча дүйнөдө 1-орун
Ушу боюнча дүйнөдө 1-орун
Греко-рим күрөшү боюнча дүйнөдө 2-орун
Карате боюнча дүйнөдө 2-орун
Дзюдо боюнча дүйнөдө 2-орун
Тэквандо боюнча дүйнөдө 3-орун
Тосмо оюну боюнча дүйнөдө 4-орун
Жаа атуу боюнча эркектер арасында дүйнөдө 10-орун
Ок атуу спорту боюнча дүйнөдө 14-орун
Жаа атуу боюнча аялдар арасында дүйнөдө 17-орун
Шахмат боюнча дүйнөдө 28-орун
2016-жылдагы Олимпиадада 26-орун

Илим

Эмне үчүн илимий макалалардын жана документтердин саны прогресстин көрсөткүчү болуп жаттат?
1.Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча илим абалына баа берүү үчүн мүмкүн болгон бирден бир булагы.
2.Илимий басылмалардын өсүшү өлкөнүн илимий кыймыл-көрсөткүчү.
3. Илимий басылмалардын статистикага таянуу менен Ирандын илим абалы тууралуу Ирандын жогорку лидеринин сөзү.
4. Көп өлкөлөрдө жакын арада илимий макала жана басма сөз технологияга жана өндүрүшкө айланат (түз байланыш, макала жазуу боюнча лидердик жана технологиялык лидердик).
Саймаго рейтинги- бул атактуу жана кадыр-барктуу илимий уюмдар гана болбостон, ага билим берүү мекемелери, илимий изилдөө борборлору жана жеке ишканалар да кирет.
Саймаго рейтинги Испаниянын Гренада институтунун изилдөө тобу тарабынан жүргүзүлөт. Илимий макалалардын санынын негизинде жана макалаларга шилтеме берүү деңгээли жөнүндө дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттериндеги Жогорку окуу жайлары, малыматтар белгиленген Scopus банкы анын наркын жана рейтингин түзөт. Бул рейтинг дүйнөдөгү замамбап жана ар тараптуу рейтинг окуу-изилдөө иштерин жана илимий изилдөө институттарынын бири болуп саналат.
New Scientist журналы
New Scientist илимий журналы Улуу Британияда жума сайын эл аралык кадыр-барктуу басылма болуп саналат. Анын биринчи саны 1956-жылы басылып чыккан. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор кеңсеси Лондон шаарында жайгашкан.  Бул журнал ошондой эле АКШда жана Австралияда жарыяланып турат.
Атактуу New Scientist дүйнөнүн илимий өнүгү боюнча статистикалык отчётторду жарыялайт.
Ирандын илимий өсүш темпи
New Scientist журналынын 2010-жылкы отчёту боюнча:
Иранда дүйнөлүк илимий өсүштүн жогорку темпи бар
Иран илимий өндүрүш тармагындагы дүйнөдөгу өнүккөн өлкө болуп саналат.
Ирандын илимий өсүшү дүйнөлүк орточо көлөмүнөн 11 эсеге көп.
New Scientist журналы бул отчётто зарыл ишенимин сактоо үчүн, мурункудай Web of Science расмий статистикалык сайтына кайрылат.
Гуманитардык өнүгүү
Акыркы 41 жыл ичинде Иран гуманитардык өнүүгүп өсүшү боюнча 1-орунду ээлейт. Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү програмасында жыл сайын гуманитадык өнүгүү боюнча отчёту эң манилүү жана кадыр-барктуу социал-экономикалык отчётторунун бири болуп эсептелет. Бул очётто гуманитардык өнүгүү индекси өмүрдүн орточо узактыгы, билим берүүнүн сапаты, реалдуу киреше жана  улуттук киши башына киреше параметрлердин негизинде эсептелет.
Бардык социал-экономикалык өнүгүнун параметрлери көрсөткүчтүк баалоосунда катышууда. Бул көрсөткүч өнүккон өлкөлөрдун абалын салыштыруу үчүн толук критейрилердин бири болуп саналат. Көптөгөн мамлекеттер жана илимий-изилдөөчү уюмдар өлкөлөрдү салыштырыш үчүн бул көрсөткүчтү негизги критерий катары колдонушат.
1980-2016-ж.ж БУУнун гуманитардык отчётуна ылайык Иран дүйнөдөгү гуманитардык өнүгүсүнүн өсүшүндө жогорку деңгээлгэ ээ болгон.
Дүйнөлүк державалар
Hudson- дүйнөлүк державалардын жүрүм-турумун жана саясаттын изилдөөчү илимий-изилдөө институту. 1961-жылы негизделген. Бул институн эл аралык коопсуздук, бакуубаттуулук жана эркиндикти сактоого багыталган аналитикалык изилдөө жүргүзөт. Өлклөрдүн келечеги тууралуу туура берилген прогноздор эл аралык консалтинг тармагында кадыр-барктуу жана ишенимдүү мекемелердин бириси болуусуна бул иститутка мүмкүнчүлүк берет. Hudson рейтиггине таасир берген кээ бир факторлор:
Эл аралык өнөктөштөр болушу
Экономикалык абал
Саясий таасири
Hudson рейтинги боюнча 8 эң чоң дүйнөлүк державалар:
АКШ
Кытай
 Япония
Германия
 Россия
 Индия
Иран жана Сауд Аравия
Булактар
1.Эл аралык энергетика агенттиги.
Эл аралык энергетика агенттиги-экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун автономдук эл аралык органы. 29 катуучу өлкөлөр бар. 1974- жылы Париж шаарында 1973-1974-жж. Нефть кризистен кийин дүйнөлүк державаларды энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн негизделген.
Бул уюм башында нефть рыногундагы кемчиликтерине жооп катары түзүлгөн, ал эми кийинчерээк маалымат жана статистика эл аралык нефть рыногунда жана башка энергетикалык ресурстар менен биргеликте кызмат кылуу үчүн негизделген.
Эл аралык энергетика агенттигинин секретариаты Париж шаарында жайгашкан.
2.Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги.
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги – атомдук энергияны тынчтык максатта колдонуу жана согуштук максаттар үчун пайдаланууга жол бербөө боюнча эл аралык кызматташууну өнүктүрүү уюму. 1957- жылы негизделген. Штаб квартирасы Вена шаарында жайгашкан (эл аралык Веналык борбор). Азыркы учурда башкы мүдүрү Юкия Амано.
3.Дүйнөлүк интернет статистикасы.
Эл аралык интернет колдонуучулардын статистика тармагы соода рыногунун электроника изилдөөсу, ички маркетингдин кабары, саякат статистикасы; дүйнөдөгү калктын саны жана дүйнөлүк байланыш жөнүндө маалымат боюнча биринчи веб сайт.
Бул сайтка киргенде, интернет колдонуучулардын статистикалык маалыматтарды жана 233 өлкөлөрдүн калкынын санын жана ар кандай дүйнөнүн региондорун табууга болот.
Бүткүл дүйнөлүк факторлор китеби.
Бүткүл дүйнөлүк факторлор китеби – справочник-альманах, дүйнөдөгү өлкөлөр жөнүндө факторлордун жыйнамы. АКШ өкмөтүнүн муктаждары үчүн борбордук чалгындоо агенттиги жыл сайын түзүлөт жана дайыма жаңылантып турат.
Бул китепте төмөнкү бөлүмдөрдө ар кандай дүйнөнүн өлкөлөрү жөнүндө кыскача маалыматтарды (адатта 2-3 бет) камтыйт:
Тарых (кириш бөлүмү); география; демография; мамлекеттик тузмөк; экономика; транспорт; куралдуу күчтөр; эл аралык маселелер.
Биринчи долу басылып чыккан справочник 1962-жылдын август айында жарык көргөн жана жашыруун болгон. 1971-жылы июнда отчетко байланыштуу эмес справочник чыгарылган.
Биринчи жолу жалпы коомчулуктун мүлк катары бул справочник 1975-жылы болгон. Онлайн версиясы 1997-жылдын июнь айында жүргүзүлгөн. Веб варианты орточо 6 млн. жолу каралган.
Дүйнөлүк металлургиялык ассоциациясы
Дүйнөлүк болот ассоциациясы – темир жана болот продуктуларын өндүрүүчүлөрдүн эл аралык ассоциациясы. Ассоциация 170 тен ашуун болот өндүрүүчүлөрдүн ( 20 эң ири металлургиялык компаниялардын ичинен 17 си кирет) улуттук жана регионалдык болот эритүү өндүрүшүнүн жана болот ассоциациясын, илимий- изилдөө институттарын бириктирип турат. Ассоциациянын мүчөлөрү дүйнөлүк болот өндүрүүнүн 85 пайызын түзөт.
Бул Брюсселде ( Бельгия) штабдык квартирага ээ жана Пекинде (Кытай) экинчи кеңсеси бар коммерциялык эмес организация, максаты, металлургия кардарларын, өндүрүштү, массалык маалымат каражаттарын жана жалпы адам коомун алдыга жылдуруу болуп саналат.
Дүйнөлүк болот өндүрүүчүлөрүнүн ассоциациясы 1967-жылы 10-июлда Брюсселде эл аралык темир жана болот институту катары негизделген.
Бүткүл дүйнөлүк банк
Бүткүл дүйнөлүк банк (ошондой эле Дүйнөлүк банк) – өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө финансылык жана техникалык жардам көрсөтүү максатында негизделген, эл аралык финансылык бирикме болуп саналат.
Бүткүл дүйнөлүк банк 1944-жылы АКШ да өткөн Бреттон-Вуддук конференциясынын жыйынтыгы боюнча негизделген эки эң ири финансылык бирикменин бири болуп саналат.
Бүткүл дүйнөлүк банкынын ишинин максаты- баардык калк катарынын кызыкчылгы менен туруктуу глобализацияны түзүү, кедейликтин масштабын азайтуу, айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбестен экономикалык өсүүнү тездетүү, жана ошондой эле адамдарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен алрга үмүт берүү.
Илим тармагы
Илим тармагы “Web Science”, мурунку аталышы билим тармагы- жарыяларды илимий журналда жана патенттерде кыскача маалымат базаларын (80 пайыздан ашуун), анын ичинде, жарыяларды өз ара чыгарууну эсептеген, издөө интернет платформасы.   Web of Science табигый илимдердин, техникалык, коомдук, гуманитардык илимдердин жана искусствонун материалдарын камтыйт. Платформа, түзүлгөн издөө мүмкүнчүлүгүнө, анализге жана библиграфиялык маалыматтын башкаруусуна ээ.
2016-жылга чейин система иштелип жатып, ошол эле учурда Thomson Reuters компаниясына таандык болгон.
2016-жылдыг 3-октябрынан баштап жаңы, көз карандысыз Clarivate Analytics компаниясы тарабынан башкарылган.
 Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
Буткүл дүйнөлүк саламаттыкты сакто уюму 194 мамлекет мүчөсүнөн турган, негизги кызматы жер калкынын эл аралык саламаттыкты сактоо маселелерин чечүү болгон, БУУ нун атайын мекемеси. Ал 1948-жылы Женевада (Швейцария) штаб квартирасы менен негизделген.
Анын Уставында жарыяланган, уюмдун негизги максаты, калктын саламаттыкты сактоонун жогорку деңгээлине чыгууга мүмкүндүк беруу. Бул уюмдун негизги максаты болуп, оорулар менен, өзгөчө, жугуштуу оорулар менен күрөшүү, жана ошондой эле ден соолук коопсуздугунун деңгээлин көтөрүү саналат.
Эл аралык жарандык авиация уюму (ЭАЖАУ)
Эл аралык жарандык авиация уюму- жарандык авиациянын эл аралык нормасын негиздеген жана анын өнүгүүсүн, коопсуздугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында багыттоочу БУУ нун атайын уюму.
ЭАЖАУ “Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциясы” менен түзүлгөн. Эл аралык аба транспортунун ассоциациясы ЭАЖАУ болуп эсептелбейт.
ЭАЖАУ 1944- жылы 2-Чикаго конвенциясынын макулдашуу бөлүгүндө негизделген. 1947-жылдан бери иштеп келет. Штаб квартирасы Монреаль, Канадада жайгашкан. 1970-жылы 14-ноябрда СССР ЭАЖАУ га мүчө болуп кошулган.
ЭАЖАУ нун Уставы болуп эл аралык жарандык авиациясынын конвенциясы саналат.
Эл аралык унаа куруучулар уюму
Эл аралык унаа куруучулар уюму 1919-жылы Парижде негизделген, унаа өнөр жайынын 39 улуттук соода ассоциациясы мүчө болгон эл аралык соода ассоциациясы болуп саналат.
Уюмдун жалпы максаты, транспорт каражаттарынын өндүрүүчүлөрүнүн унаа чолгултуучуларынын кызыкчылыгын коргоо.
Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюм
Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюм- 158 өлкө- катышуучуларынын, 6 ассоциацияланган аймакты, көзөмөлдөөчү статусундагы эки аймакты жана 500 дөн ашуун туунду уюмдарды бириктирип турган БУУ нун системасындагы бийлик арасындагы атайын уюм.
UNWTO туруктуу жана жалпыга жеткиликтүү туризмдин өнүгүүсү менен алектенет. Туризм тармагындагы алдыңкы эл аралык уюм. Штаб квартирвсы Мадридде жайгашкан.
БУУ нун азык-түлүк жана айыл-чарба уюму
БУУ нун азык-түлүк жана айыл- чарба уюму ФАО- негизги маселеси ачаарчылык менен күрөшүү болгон, БУУ нун уюму.
ФАО өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр бир деңгээлде азык- түлүк коопсуздугу тармагында саясат маселелерин талкуулоо жана макулдашууга мүмкүндүк берген форум болуп эсептелет.
Мындан сырткары, ФАО баардыгы үчүн туура тамактанууну жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга умтулуп, балык уулоо, токойчулук жана айыл-чарба практикасын жакшыртууга өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө көмөк көрсөтүп, маалымат булагы катары кызмаь кылат.
БУУ нун азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунун(ФАО иши дүйнөдөгү жакрчылыкты жана ачкачылыкты айыл-чарбасын өнүктүрүү аркылуу азайтууга, тамактанууну жакшыртууга жана азык-түлүк коопсуздугунун маселелерин чечүүгө – жигердүү жана сергек жашоо үчүн баардык тамак-аш жеткиликтүү болуусуна багытталган. БУУ нун азык- түлүк жана айыл-чарба уюму нейтралдуу форум катары, ошондой эле билим жана маалыматтын булагы катары кызмат кылат. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жана өткөөл мезгилдеги өлкөлөргө айыл-чарба, токойчулук жана балык уулоо тармактарын жакшыртууга жана модернизациялоого жардам берет.
Уюмдун штаб квартирасы Римде жайгашкан.
АКШ нын геологиялык кызматы
АКШ нын геологиялык кызматы- жер жөнүндө илимдер боюнча адистешкен америкалык илимий-изилдөө өкмөттүк уюм. Адистештирүү: биология, география, геология, гидрогеология, кардография. АКШ геологиялык кызматынын маанилүү изилдөо аймагы АКШ га тиешелүү-айрыкча АКШ дагы пайдалуу кең байлыктарга чалгын жүргүзүүсү.
Кызмат АКШ ички иштер министирлигинин карамагында АКШ нын геологиялык кызматы 1879-жылы пайда болгон. Башкы кеңсеси Рестондо Вергиния штатында жайгашкан. Эки башкы бөлүмү- Денверде жана Менло Паркта. АКШ нын геологиялык кызматында 10 миңдей адам иштейт.
Бириккен улуттар уюму
Бириккен улуттар уюму, БУУ- эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо жана бекемдөө, мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн түзүлгөн эл аралык уюм. БУУ уникалдуу жарамдуулукка ээ, жамааттын коопсуздугу боюнча эл аралык конституциясынын көтөрүүчүсү заманбап көп тараптуу дипломатиянын негизги элементинин универсалдуу форуму болуп эсептелет.
Анын негизги иштери жана түзүмү экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Гитлерге каршы блоктун катышуучулары менен иштелген. “Бириккен улуттар” ысымы биринчи жолу 1-январда 1942-жылы Бириккен Улуттар декларациясында кол коюлганда колдонулган.
БУУ нун алгачкы мүчөлөрүнө 1945-жылы 26-июнда Сан-Францисскодо БУУ нун конференциясында Уставка кол койгон 50 мамлекет жана Польша кирет. 1946- жылдан баштап БУУ на 150 дөй мамлекет кабыл алынган ( бирок Югославия жана Чехословакияга окшогон мамлекеттер өздөрүнүн көз карандысыздыгын алып бөлүнүп чыгып кетишкен). Түшүк Судан БУУ нун мүчөлөрүн кабыл алуу менен БУУ нун мүчө мамлекеттеринин саны 193 тү түзгөн. БУУ нун штаб квартирасы Нью Йорк шаарында жайгашкан. Башкы Ассамблеясынын сессиясынын тартиби боюнча бул кезектеги жана кечиктирилгис атайын сабактарды өткөрө алышат. Жыл сайын БУУ нун жылдык кезектеги отуруму болуп турат.
Эл аралык валюта фонду
Эл аралык валюта фонду- БУУ нун атайын агенттиги, Вашингтон шаарында башкы бөлүмү жайгашкан. 189 мамлекетти бириктирип, түзүлүшүндө 133 өлкөдөн келген 2500 киши иштеп келет. Эл аралык валюта фонду- бул төлөм балансынын тартыштыгы менен кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү нася берет. Насыя менен камсыз кылуу адатта белгилүү бир шарттары менен бир катар сунуштар менен коштолот. Дүйнөлүк банктан айырмаланып эл аралык валюта фонду салыштырмалуу кыска мөөнөттүү макро экономикалык кризистерге басым жасайт. Дүйнөлүк банк бир гана жакыр өлкөлөргө насыя берет, эл аралык валюта фонду кыска мөөнөттүү финансылык милдеттерин жабуу үчүн эл аралык валютага муктаж болгон өзүнүн баардык өлкө мүчөлөрүнө насыя бере алат. Саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштар жана эл аралык валюта фонду өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн сынга алынып келет, негизи аягында сунуштарды жана шарттарды ишке ашыруу мамлекеттин улуттук экономиканын өнүктүрүү жана көз карандысыздыгын жогорулатуу, бирок  бир гана эл аралык каржы агымдарын аны чөйрөгө багыттаган эмес. Акча-насыя каржы маселелери боюнча БУУ нун Бреттон жыйынында 22-июлда 1944-жылы уюштуруу келишиминин тарабы менен иштелип чыккан. Эл аралык валюта фондунун концепциясынын иштелип чыгышына Джон Мейнард Кейнс – Британ делегациясынын башчысы жана Гарри Декстер Уайт – АКШ нын финансы министирлигинин жогорку даражалуу кызматкери салым кошкон. Келишимдин акыркы чечими менен эл аралык финансы фондунун расмий түрдө тузүлгөн датасы 1945-жылдын 27-декабры болуп саналат. Эл аралык финансы фонду өз ишин 1947-жылдын 1-мартында Бреттон Вудск системасынын бир бөлүгү катары баштаган. Ушул эле жылы Франция биринчилерден болуп насыя алган.
Календарь
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 
Социялдык тармактарда
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter