Logo
Кыргызча
فارسی
 
  • 22:25 – Иран менен Кыргызстан кызматташтык келишимине кол койду 
  • 17:06 – Ирандын ТИМ жетекчиси Тегеранда өзүнүн омандык кесиптеши менен жолугушту 
  • 13:45 – Иран менен Индонезия адам укуктары жаатында кызматташтыкты бекемдешет 
  • 09:49 – Индонезияда Ирандын катышуусунда Кыйноого каршы конвенция жыйыны башталды 

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде өткөн “Фарсы поэзиясы” кечеси

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде өткөн “Фарсы поэзиясы” кечеси

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде өткөн “Фарсы поэзиясы” кечеси 
         2019-жылы 14-ноябрда Фарсы тили жана адабияты жумалыгынын алкагында К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде ирантаануучулар, фарсы тили мугалимдер менен студенттер жана фарсы адабияты менен маданиятын баалаган күйөрмандардын катышуусу менен “Фарсы поэзиясы” кечеси болуп өттү. Кеченин катышуучулары б.а. иран адабиятын сүйүүчүлөр, кыргыз акын, жазуучулар, ирантаануучулар өз ой-пикирлерин, жалпы болуп жаткан иш-аракеттер жөнүндө сөз кылышты жана иран адабияты менен ортомчу тил болгон орус тили аркылуу таанышкан адабиятчылар фарсы тилин билбегендиги үчүн өкүтүн айтып, фарсы тилин окуган сатуденттерге бул тилди абдан жакшы өздөштүрүүнү насаат кылышты. Тажик акыны Сиявуш өз калемине таандык “Абан (ноябрь) айына чаңкаган жаан” аттуу ырын окуп берсе, ирандыктардын Имам Хомейни атындагы орто мектебинин окуучусу Фатима Мухаммади орус жана фарсы тилдеринде Иран элинин улуу эпосу Шахнамеден үзүндү окуп берди. Андан тышкары актывдүү ирантаануучулар менен котормочуларга ардак грамота берилди. Фирдоусинин белгилүү Шахнаме эпосун кыргыз тилине которгон котормочу Тайас Турал Чыгыш классикалык акындардын ырларын кыргыз тилине которгон котормочу Кубанычбек Басылбеков, Кыргыз-Россия Славян университетинин мугалими Мамедова М.Ш., Жазуучу, Кыргызстанда жашаган тажик Кадыр Муриватов, ИИР КР Элчилигинин котормочусу жана тажик акыны Сиявуш  өз докладдарын, ырларын кыргыз, орус, фарсы тилдеринде окушту. Кеченин ачылыш аземинде К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин деканы Машрапов Т.Т., Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Парвиз Гасеми жана Саади фондунун жетекчисинин орун басары Резаморад Сахраии мырзалар куттуктоо сөздөрүн айтышты. 
Профессор Резаморад Сахраии
         Фарсы тили адабиятынан баш тартуу – бул билим кенчинен баш тартуу. Саади, Хафиз, Хайям, Фирдоусилердин чыгармаларын окуу бул алардын акыл-ой, таалим-тарбия жана көз караштары менен таанышуу. Алардын сөзү бүт ааламга жеткен жана алар бүгүнкү күндө да тирүү, анткени алардын калтырган сөздөрү тирүү. Алардын айткан сөздөрү унутулгус, анткени алар чагылдырган маселелер бүгүнкү күндө да актуалдуу. Алардын айткан сөздөрү жан дүйнөнү түйшөлткөн маселелерге жооп берет, анткени алар бүгүнкү күндө да актуалдуу.  



         Эгерде Саадинин акылман сөздөрүн сүйүп окусак, анда биз бүгүнкү күндө дал ошол акылмандуулукка зарылбыз. Эгер Хафизди жакшы көрсөк, анда сүйүү бизден ажырагыс, эгерде Фирдоусини мекенчилдигин жакшы көрсөк, анда биздин мекенибиз ар бирибиздин жан дүйнөбүздүн бир бөлүгү. Андыктан, Хафиз, Саади, Фирдоуси жана башка ирандык акындар бир гана ирандыктарга таандык эмес. Алар бүткүл адамзатына таандык жана алар бүткүл   адамзатына кызмат кылышкан. 
         Бүгүнкү күндө Иран эли Америка тарабынан келтирилген зулумдук күндөрдү башынан кечирип келет. Алардын кыянаттыгына башка бир дагы мамлекет туруштук бере албайт. Бирок ирандыктар 40 жылдан бери бул маселе менен күрөшүп, акыры жеңишке ээ болушту. Мындай туруштук берүүнүн, күч кубаттын өзөгү Хафиз калтырган сүйүү, Фирдоуси калтырган кайрат-күч, Саади калтырган акылмандуулук. Биз аларды жакшы көрүп, урматтайбыз анткени алар бизди кайтарылбас, кажыбас сапатка, сый-урматка бөлөдү. 
         Биз фарсы тилин сүйөбүз – анктени ал бизди бириктирди. Фарсы тили миң жыл мурда да элге жеткиликтүү тил болгон, эгерде мен миң жыл мурда жазылган ырды окусам, аны уккан бардык адамдар аны түшүнө алышат, мындай өзгөчөлүк бир гана фарсы тилине таандык. 
Байас Турал
         Фарсы адабияты дүйнө жүзүндөгү эң бир кооз, эң бир ажайып чыгармалардан турат. Мен Европа, орус жана Чыгыш элдеринин адабиятын жакшы билем, бирок алардын арасынан менин жан дилимдин түпкүрүнөн түнөк таап, жан дүйнөмө эң жакыны бул фарсы адабияты.   


         Түрк тилдүү элдин арасынан бир гана кыргыз эли поэзияга жакын келет. Кыргыздар  акындык талантка бай калк жана түрк тилдүү элдин арасынан кыргыздар фарсы адабиятына абдан жакын келишет. Хайям, Саади, Мулави, Аттар сыяктуу белгилүү Иран акындарынын ырларын көбү кыргыз тилине которуп жүрүшөт алардын бири Кубанычбек Басылбеков агай. Кыргыз тилине которулган эмгектерге көз жүгүртүп отуруп, Авестанын али которула элегин байкадым жана аны кыргыз тилине которуу сунушун киргиздим.  Фарсы адабиятында Авеста менен Шахнаме чыгармалары абдан маанилүү, анткени мен өзүм тарыхчы, акын, жазуучу болгондуктан жогоруда аталган чыгармалар өтө зор, баа жеткис цивилизацияны өзүнө камтырын жакшы билем. Шахнаме эпосу менен биздин Манас эпосунун абдан көп окшоштуктары бар, мисалга алсак алардын ичкен тамактары, кийген кийимдери, жүрүштөрү, Шахнамедеги Рустамдын өз атына болгон камкордугу так эл Манас өзүнүн Ак Куласына кылган мамилеге окшош. 
         Менин фарсы тилин окуп аткан студенттерге айтаарым, фарсы тилин жакшылап окуп, баа жеткис фарсы адабиятын фарсы тилинде окугула. Эгер силер Шахнаме эпосун окусаңар, бүтүндөй бир абдан зор улуттун дүйнө таанымы, тарыхы жана ой-жооруму менен таанышасыңар. Силер абдан бактылуусуңар, анткени эбегейсиз зор, дүйнөнү дүңгүрөткөн чыгармаларды өз тилинде окуй аласыңар. 
Кубанычбек Басылбеков 
         Мен фарсы тилин билбегениме абдан өкүнүчтөмүн, бирок ошону менен эле фарсы адабияты менен орус тили аркылуу таанышканыма абдан кубанычтамын. Бала кезимде 2000-3000 ден ашуун адабий китеп окусам анын жарымы фарсы адабияты.  


         Убакыттын өтүшү менен стили жагынан оор чыгармаларды окуй баштадым, фарсы адабиятына болгон кызыгуум арта баштады. Шаардан алыс, айыл жергесинде жашагандыктан булардын баарын жалгыз окуп, мен эле билгеним болбос деп, буларды кыргыз элине да жеткирүүм керек деген жакшы бир ой кылт этти, ошентип мен аларды орус тилинен кыргыз тилине которуп баштадым.    Менин эң алгачкы которгон эмгегим Омар Хайямдын ырлары эле. Ошентип 50 жылдын ичинде  Ирандын белгилүү 40 акынынын чыгармаларын кыргыз тилине котордум.   Менин котормолорум кыргыз элине таасир берет деп ишенем, анктени Батыштан чыккан улуу даанышмандар да Чыгыштын даанышмандарын, алардын чыгармаларын окуп илхом алышкан. Фарсы адабиятын окуган ар бир адам ага ашык болот болот, анткени аны окуган адам аны улантпай койо албайт. Менин жүрөгүм ырлар деп согуп, ырлар менен жашайм, андыктан мен абдан бактылуумун. Иран Ислаам Республикасынын Кыргыззстандагы Элчилиги жана Маданий өкүлчүлүгү менин котормолорумду баалап сегиз китебимди чыгарууга жардам беришти. Ал эми азыркы тапта, Ирандын белгилүү 40 акынынын чыгармаларын кыргыз тилине которуп, атайы жыйнак кылып даярдап отурам. Мени абдан кубандырган нерсе бул биздин жаңы муун фарсы тилин үйрөнүп, фарсы адабиятын өз нукура тилинде окуп, тааныша алышат. 
         Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинин Ирантаануу борборунун жетекчиси Мамедова М.Ш. фарсы адабиятынын жаңы замандап доору жөнүндө абдан кызыктуу доклад окуп, жаңы муунду андагы өзгөчөлүктөр менен тааншытырып  өттү. 


         Ал эми Кадыр Муриватов өз кезегинде Саади Ширазинин чыгармалары менен кантип таанышканын, анын чыгармасынын Мавераннахрдагы өзгөчөлүктөрү жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып өттү.     
         Саадинин чыгармалары Мавераннахрдын мектептеринде, окуу жайларында ар дайым окутулуп келген. Анын чыгармалары Борбордук Азияда абдан белгилүү жана анын айткандары аталган аймактарда байма бай колдонулуп, анын акылман сөздөрү эл ичинде таалим-тарбиялык жактан абдан таасир берип келет. Саадинин улуулугунда чек жок. 


         Ал эми Иран Ислам Республикасынын котормочусу, тажиктен чыккан акын Сиявуш Жунейди өз калемине таандык “Абан (ноябрь) айына чаңкаган жаан” аттуу чыгармасын окуп берди. 


Календарь
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 
Социялдык тармактарда
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter