Logo
Кыргызча
فارسی
 
  • 20:23 – Иран менен Армения илимий-билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрөт 
  • 15:53 – Роухани Кытайдын 70 жылдык билим күнү менен куттуктады 
  • 14:15 – Ирандын ЕАЭБ кошулушу - өлкөдөгү экономиканын жаңы доору 
  • 11:31 – Роухани Түркмөнстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады 

Ирандагы өзгөчө кесипти аркалаган айымдар

Ирандагы өзгөчө кесипти аркалаган айымдар

Заманбап чыгыш маданияты менен үстүртөдөн тааныш болгон көпчүлүк адамдар Ирандагы аялдардын тагдыры  – бир гана үй-тиричилиги менен алектенип, бала тарбиялап үйдө отурушу керек деп ойлошот.
Бирок андай эмес, Иранда көптөгөн аялдар эркектер менен теңме-тең иштешет, ал тургай жетекчилик кызматтарда да  эмгектенишет. Кээ бир убактарда аялдар эркектерге караганда жумушту оңойураак табышат.  Бүгүнкү күндө дүйнөнүн бардык бурчундагы иш берүүчүлөргө негизинен баарыбызга тааныш жана адат болгон экономика, медицина, инженерия жана башка ушул сыяктуу тармактардагы адистер талап кылынат. Бирок Иранда таң калтыра турган аялдардын кесиптери дагы бар. Таң калыштуу кесиптер менен таанышыңыз:
Зуулдата такси айдаган айым

Эгерде бир кезде Иранга барып калып, такси кызматын пайдаланууну чечсеңиз, сары түстөгү кадимки таксилер жана жеке таксилер менен бирге жашыл түстөгү таксилерди да байкайсыз. Алардын айрымдары өзгөчө бир компанияларга таандык жана ал бир гана аялдарга гана арналган. Ал таксилерди  аялдар гана  башкарышат. Бул чакан компанияда аялдар бир гана рулда отурбастан, ошондой эле call-борборлордо да отурушат. Мисалы, 61 жаштагы Мино Шейхан бир гана актриса, катчы, бир нече тилден котормочу болбостон, ошондой эле аялдардын “жашыл таксисинде” айдоочу да болуп эмгектенет. Ал башка айдоочу-эркектерден кем калбайт жана Тегерандын баардык булуң-бурчун жакшы билет жана кардарды айткан дарегине туура, тез алып барат.
Жарышчы айым
Тажрыйба көрсөткөндөй, унаа жарыштары Иранда бир гана эркектерге эле эмес, кыздарга дагы жагат. Мисалы, Лале Садиг өзүнүн ылдам жүргөн унаасын бир гана билгичтик менен башкарбастан, ошондой эле эч кимдин жардамсызы эле жарылып калган дөңгөлөк алмаштыра алат. Ал Ирандагы  автоспортто көрүнүктүү кесипкөйлөрдүн бири болуп саналат. Садиг автоспорт менен профессионалдуу алектенүүнү 1998-жылы баштаган. Ал унаа жарыштардын чемпиону жана аялдарга унаа айдаганды үйрөтүү комитетинин жетексиси болуп саналат. Садиг  Ислам революциясынан кийин эркектер менен бирге унаа жарышка катышкан биринчи аял болгон. Жакында эле анын жашоосу тууралуу документалдык тасма жарык көрдү.
Сапарман айдоочу айым
Негизинен сапарман айдоочу - эркектер гана боло алат деп эсептелинет. Бирок так ушундай ары кызыктуу, ары оор жумушту ирандык аялдар деле аркалап келишет. Алардын бири болгон  “сапарман” кесибинин өкүлү  Фереште Биганванд  Ирандан Европа өлкөлөрүнө үзгүлтүксүз сапарларды жасап турат. Ал өзүнүн “темир тулпарын” баштан аяк жакшы билет жана өз колу менен эч кандай кыйынчылыксыз эле дөңгөлөктөрүн жана свечаларын алмаштыра алат.
 
Крокодилдер фермасын иштеткен аял
Ирандын климаты ар түрдүү болгонуна карабастан, крокодилдерге жашоо үчүн ылайыктуу эмес. Мындан тышкары, крокодил эти Таиланд же Түштүк Африка өлкөлөрүндөгүдөй тамак-ашка пайдаланылбайт, ошондой эле мындай тиштүү жаныбарды баары эле багууга батына бербейт. Бирок, ошентсе дагы мындай ферма Иранда бар. Таң калтыра турган нерсе, өлкөдөгү эң алгачкы жана жалгыз мындай крокодилдерди баккан ферманын башкы директору аял болуп саналат.  Бул ферма бир гана Иранда эле эмес, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы уникалдуу ферма болуп саналат. Маржан Рустаинин фермасы Перс булуңунун түштүгүндөгү Кешм аралында  орун алган. Маржан Рустаи алгач жолдошу менен крокодилдер фермасын ачуу чечимин кабыл алганда көпчүлүк адамдар аны тамаша катары кабыл алышкан. Бирок, азыр Маржан өзүнүн крокодилдер фермасы менен бүткүл дүйнө жүзүнө таанылды. Учурда ал фермасындагы 20 кызматкери менен бирге 150дөй крокодилди багат.
Ирандагы жалгыз дирижер аял
57 жаштагы Нежат Амири 38 жылдан бери дирижер болуп эмгектенип келет. Ал Тегерандагы эң мыкты концерттик залдардын бири болуп эсептелген “Вахдат” залында жыл сайын өтүүчү музыкалык «Фаджр» фестивалында биринчи жолу музыканттарды башкарган. Андан сырткары, ал башкы сахнага дирижер катары чыккан биринчи аял болуп саналат. Музыканттар эки саат боюу классикалык перс мызыкаларынын чыгармаларын, анын ичинде легендарлуу Мортеза Ханнандын композицияларын аткарышкан.
Календарь
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 
Социялдык тармактарда
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter