Logo
Кыргызча
فارسی
 
  • 16:04 –  
  • 11:39 – Иран менен Россиянын жетекчилери 16-сентябрда Анкарада жолугат 
  • 10:01 – Тегеран Душанбе менен мамилени өнүктүрүүгө даяр 
  • 12:07 – Иран Кытай менен болгон кызматташтыкты өнүктүрөт 

Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Маданий өкүлүнүн К.Баялинов атындагы республикалык балдар жаша жаштар китепканасынын жетекчиси менен жолгушту

Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Маданий өкүлү К.Баялинов атындагы республикалык балдар жаша жаштар китепканасынын жетекчиси менен жолгушту

Жолугушууда Ирандын маданий өкүлү А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасынын жетекчисине жана К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасынын жетекчисине Фирдоуси атындагы фарсы адабияты борборунун ишмердигине тийгизген жардамдары  үчүн өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, улуттук китепкананын жетекчисинин негизги кадамдарынын бири болгон фарсы адабияты борборунун окутуу боюнча иш-чараларын жакшыртып, окурмандардын санын көбөйтүү жөнүндө сүйлөштүп өзүнүн сунуштарын киргизди. Анда Иран маданий өкүлчүлүгү тарабынан каллиграфия үйрөтүү, сыртына алтын менен каптоо өнөрү сыяктуу масстер класстарды (Иран Ислам Республикасындагы маданият жана ислам байланыштары уюмунун жалпы маданий жана чет өлкөлөрдө жашаган ирандыктар бөлүмүнүн жардамы менен), Ирандан келген мугалим тарабынан мектептерде фарсы тилин окуп жүргөн окуучулар үчүн фарсы тилин окутуу курсун   күз айларында өткөрүү, ирандык акын жазуучуларды эскерүү боюнча адабий кечтерди өткөрүү, каалоочулар үчүн фарсы тили курсун өткөрүү, Фирдоуси атындагы фарсы адабияты борборунда Ирантануу Иран элинин кол өнөрчүлүгү коюлган бурч ачуу,  аталган китепкананын биринчи кабатында башка өлкөлөрдүкүндөй Иран витринасын (бул витринада Ирандагы балдар жана жаштар адабияты, кол өнөрчүлүк, куурчактар жана башкалар коюлат) жасоо сыяктуу сунуштарды киргизди.  

         К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасынын жетекчиси  Султангазиева өз кезегинде Фирдоуси атындагы фарсы адабияты борборунун ишмердуулүгүнө карай жаңы ыкмалар үчүн Ирандын маданий өкүлчүлүгүнө терең ыраазычылыгын билдирип, өкүлчүлүктүн жогруда аталган сунуштары ишке ашаарына үмүттөнөрүн билдирди. Аталган борбор жакын арада кыргыз окурмандар үчүн мыкты жана татыктуу борбор боло алат деди. 


Жолугушуунун акырында Иран Ислам Республикасынын маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси тарабынан   К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасынын жетекчисине белек  тапшырылды.  

Календарь
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 
Социялдык тармактарда
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter