Иран орустардын көзү менен: өзгөчө маданият жана меймандос эл
- 20.08.2019, 10:10,
- Культура
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өзгөчө маданият, табият, меймандос калк, бирдиктүү эл жана өз өлкөсунүн татыктуу коргоочулары - мындай баасын Россия Федерациясынын "Жол кыймылынын коопсуздугу" жетекчиси Дмитрий Кропачев АрМИ-2019 оюнунда билдирди.
Иран Республикасына быйылкы менен үчүнчү жолу келишим. Буга чейинки эки жолку келишим кыска мөөнөттө жана жумушка байланыштуу болуп келген. Конкурстун артынан бул жолу Иранда эки жума болдук. Бул аралыкта өлкөнүн тарыхы, маданияты, салттары жана каадасы менен таанышууга мүмкүндүк жаралды.
Барынан да мага эсте калганы "Милад" мунарасы болду. Ал иран элинин тарыхын өзү эле айкындап койчудай сезилет. Бул өз мезгилиндеги жана азыркы күндөгү өнүгүү жолундагы башкы долбоор катары элес калтырат.
АрМИ-2019 "Жол кайгуул кыймылы" 10нан 15-август аралыгында Иран Ислам Республикасында өткөрүлгөн. Мелдештин жыйынтыгында Иран биринчи орунду багындырган, ал эми экинчини Россия багындырган.
Конкурска Иран, Армения, Россия жана Өзбекстан өлкөлөрү катышкан.