Logo
Кыргызча
فارسی
 
  • 15:42 – 11-чакырылыштагы Иран Парламентинин (Меджлисинин) ачылыш аземи 
  • 22:07 – Ирандын президенти Казакстандын президенти менен телефондон сүйлөштү 
  • 18:00 – Иран элчиси Сербиянын Эмгек министри менен жолукту 
  • 00:30 – Ирандын президенти Оман кырсыгындагы деңиз күчтөрүнүн курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты 

Мортаза Мотаххари – Ислам революциясынын идеологу

Мортаза Мотаххари – Ислам революциясынын идеологу

Мортаза Мотаххари – Ислам революциясынын идеологу
Иран Ислам Республикасында 2-май (иран жылнамасы менен 12-ордибехешт) “Мугалимдер күнү” белгиленет жана бул күн “Мугалимдер күнү” деп аталып калышынын себеби улуу окумуштуу, философ, теолог Мортаха Мотаххаринин шейит кеткен күн. 

1978-1979-жылдарда мамлекетке тез өнүгүп келе жаткан шиит динаятчыларын алып келген ислам революциясы, бүгүнкү күнгө чейин чечилбеген сыр боюнча калып келет жана ага карай илимий изилдөөлөрдө татыктуу жооп табылбай келет.  Көп учурда, бул революция социологиялык схемаларга жана илимий үлгүлөргө туура келбейт. Эмне себептен ирандагы акыркы революцияда ислам негизги басым болгон, ирандык жаштардын  революцияга чейинки мууну негизинен марксисисттик идеялар менен демигип, революциялангандыктанбы? Бул суроого Ислам революциясынын идеологиялык мурастары менен укутарын изилдеп чыгуу менен жооп алууга болот жана ал эң көрүнүктүү өкүл, белгилүү ирандык ойчул аятолла Мортаза Мотаххаринин эмгектери (1920-1979). 
Шахид устат аятолла Мортаза Мотаххари 1298-жылдын 13-бахман айында Хорасан провинциясындагы Ыйык шиит шаары Мешхедден 70 километр аралыкта жайгашкан Фариман деген кичинекей шаарчада жарык дүйнөгө келген. Атын атасы, шейх Мохаммад Хосейн диний аалымдардын беделдүү өкүлдөрүнөн болгон. Мортаза Мотаххари баштапкы билимди үйдөн алган жана 12 жашынан баштап Мешхед шаарындагы диний семинарияда балим алган. Ал жактан теологиялык илимдерге киришүү илимин өздөштүргөн. Анын жаш кези, саясий репрессияга дуушар кылган шах режими менен шиит дин аалымдары ортосундагы айбыгышкан күрөш учуруна дал келген. Ошого карабай ал өзүнүн диний билим алуусун уланткан жана билимин өркүндөтүү максатында 1938-жылы дагы бир шииттик ыйык шаар деп эсептелген Кум шаарына барган. Ал маалда Кум шаары Ирандагы дин илимдеринин негизги борбору болуп эсептелген. 
Ал Кум шаарында 15 жыл жашап, «Хоузе-йе эльмийе» диний окуусун толугу менен аяктап, “можтахид” макамына ээ болгон. Анын устаттары шиит агымындагы эң белгилүү аалымдар маржа-йе таклид аятолла-аль-озма Боруджерди, аятолла Рухолла Хомейни, философиядан сабак берген Мулла Садра, ирфандан, адеп-ахлактан (этика) сабак берген Сейед Мохаммад Хосейн Табатабаи,философиянын негиздеринен сабак берген Абу Али  Сина ж.б. болгон. Андан тышкары Мортаза Мотаххариге адеп-ахлак жана ирфан тармагындагы эң белгилүү инсан Мырза Али Ширази да абдан таасир берген. Бул илимдерди, өзгөчө орто кылымдардагы мусулман ойчулдардын эмгектерин ийне жибине чейин тереңдеп изилдеп, окуу анын келечектеги иш алып баруу багытын алдын ала аныктаган. Ал  «Хоузе-йе эльмийеде» окуп жүргөн маалда саясатка кызыгы арта баштаган, анткени Ирандын тарыхында 40-жылдарда белгисиздик менен жаңы үмүттөр ирандыктардын саясий өсүүсү жана андан тышкары аалымдардын  Реза шах Пехлевинин эзүүсүнөн кутулуу доору болгон. 1946-жыл «Федаян-е эслам» аттуу радикалдуу уюмдан билим алган Мотаххари башкалардай эле  ал уюм менен тыгыз байланышты түзгөн. 
1953-жылы Мотаххари Тегеран шаарына  көчүп барган жана “Марви” мечитинде билим берүү менен алектенген, ал эми 1955-жылдан баштап Ттегеран университетинин теология жана дин илими факультетинде лекцияларды окуп баштаган. 1955-жылы Исламдык студенттер коомунун кеңешин ачат, ал эми 1960-жылы (1972-жылга чейин) Ислам дарыгерлер коомунун негизги лектору болгон. Ошол эле жылы, белгилүү оратор жана полемист катары таанымал болгон. Анын айланасында ага берилген шакриттери пайда болгон жана кийинчерээк алардын көбү революциялык ишмер болушкан. 
1963-жылы ал “Он бешинчи хордад” деген ат менен белгилүү болуп, Хомейни жетектеген диний аалымдардын оппозициялык банядарына катышкан жана натыйжада 43 күнгө соттолгон. Ошондон баштап, Мотаххари шах режимине каршы болгондордун активисттерине айланган. 
1968-жылы башка белгилүү аалымдар менен бирге  «Хосейнийе эршад» деген светтик жаштарга диний жактан агартуу боюнча атайы окуу борборун ачкан, ага кийинчерээк Али Шарияти дагы чакырылган. Бирок 1971-жылы Мотаххари Али Шарияти менен болгон келишпестиктерден улам «Хосейнийе эршаддан» кетип,  «Аль-Джавад» мечитинде ислам илими боюнча лекцияларды окуган жана ал мечит 1973-жылы өкмөт тарабынан жабылган. Мотаххаринин лекциялары көптөгөн жаштарды, мугалимдерди, студенттерди жана күйөрмандарды өзүнө тарткан. 1975-жылы Мотаххари мечиттерде расмий түрдө лекция окуу укугунан ажыраган жана ага илимий изилдөө иштерине көбүрөөк көңүл бөлүү үчүн мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ал эми 1977-жылы ал Тегеран университетинен кетүүгө мажбур болгон. Ал Али Хаменеи, Бехешти, Рафсанджани менен биргеликте Тегерандагы диний аалымдардын күрөшү коомун ачкан жана ал коом бара бара жалпы Ирандык организацияга айланган.   
1977-1978-жылдары ал эки жолу Хомейниге жолуу максатында, алгач Иранктагы Ан-Нажаф деген шаарга, андан соң Хомейни Иранга кайтып келээрден мурда жүргөн шаары Парижге барган. Ал Хомейни менен бирге революциялык күрөш жөнүндөгү маселелерди талкуулашкан жана Мотаххариге Ислам революциясынын кеңешин түзүү – бардык революциялык жүрүштөрдү координациялоо жана да Имамдардын жолугушуу комитети коомун түзүү  жоопкерчилиги берилген. 
1979-жылы 1-майда түн кечте, Мотаххари Ислам революциялык кеңешинен чыгып келе аткан маалда  «исламдык-марксисттик» позицияда турган «Форкан» тобунун куралдуу күчтөр жоокерлери тарабынан атылып өлтүрүлгөн.  
Ислам революциясы жеңгенден кийинки биринчи айларда Мотаххари ээлеген кызмат жана Хомейнинин ага болгон толук  ишеними, Мотаххари Ирандагы экинчи беделдүү адам болмок, эгерде анын өлүмү болбогондо, Ислам Республикасындагы эң жогорку бийликти мурастоо маселеси имамдын пайдасына чечилмек, бирок тилекке каршы андай болгон жок. 
Мотаххаринин негизги эмгектери, азыркы тапта Иран Ислам Республикасында ар тараптан басым жасалып келген анын мусулман жаштар муунун тарбиялоодогу ролу, аларды ислам ой-толгоолорунун негиздери менен тааныштыруу деп эсептелет. Батыш идеяларынын Иран коомуна тез кириши, улуттук баалуулуктардын, маданияттын кыйрашынын натыйжасында жаңы муун кыйрого учурап турган маалда Мотаххари  булардын барын көрүп, билип туруп “жаңы муундагы жаштарга акыл-насаат берүүнү” өзүнө максат кылган. Ал үчүн “азыркы муунду башкаруу жана ага акыл-насаат айтуу маселеси өзүнүн техникасы, ыкмасы андагы убакытка жана дагы биз иштеп аткан элдин тобуна карай болушу” зарыл экени айдан ачык эле, ошондуктан “өткөн муунга акыл-насаат үйрөтүү” ыкмасы менен "жаңы муунга акыл-насаат айтуу” ойлорунан алыс болуу керек эле. 
Мотаххари замандын жүрүшү менен бирге, жаңы коомдук-саясий кырдаалда сылык-сыпаа болууга умтулган. Ал башка шиит аалымдардан айырмаланып, жаңы муунга карама-каршы позицияны ээлеген эмес жана андагы “кулк-мүнөздүн кыйрашына” нааразы болгон эмес, ал андагы маселелерди толугу менен түшүнүп, андагы артыкчылыктар менен кемчиликтерди туура жана калыс баалоого аракет кылган.  
“Аларды (жаштарды) таптакыр четтетип салуу мүмкүн эмес” – алардагы мыкты сапаттарды, өзгөчө алардын сезүү, билүү жөндөмдөрүн көзгө илбей койуу жана сыйлабай койуу акмакчылык – биз аларга өзүбүздүн сый-урматыбызды көрсөтүүбүз зарыл. Мотаххари жаңы муундун "шектенүү, дин жөнүндө түшүнбөстүктү" сезүү жөндөмүн терең урматтайт, анткени мурунку муундар "буга жетиштүү деңгээлде акыл-эси жеткен эмес". Кийинчерээк, революция учурунда мындай стратегия өзүн актаган. 
1960-1970-жылдары Иран интеллигенциясынын арасында, өзгөчө чет мамлекеттерде окуган студенттер арасында  марксисттик ойлор кеңири тараган доор болгон. Материалисттик идеялары менен Батыштын социалдык-саясий доктриналалары менен теорияларына кызыккан, динге берилген ирандыктардын аң-сезимдерин толукташкан. Андан тышкары 1970-жылдардын башында, Иран коммунисттери  менен мусулман интеллигенциясынын реформалар канатынын өкүлдөрүнүн идеологиялык көз караштары бири-бирине жакындаган, бул диний символизмди алардын пропагандасында жана марксисттик класстын акыркы теориясын кабыл алууда биринчи жолу колдонулгандыгы менен байкалган. Мындай көрүнүш исламдын тазалыгын жактаган Мотаххариге тасирин тийгизбей когон эмес. Ошол себептен анын лекциялары, макалалары жана эмгектеринин  көбү Иран жаштарына таасир берип аткан марксизмди жана башка Батыш агымдарынын көз караштарын сынга алуу менен коштолгон. 
Андагы эң оор жана кылдат маселе – бул ар кандай сындар менен оппоненттердин кыжырына тийбөө, аларды четке какпоо, тескерисинче аларды ислам жолу менен тарбиялоо, алардын көз караштарын жакшыртуу болгон. 
Мотаххари өзүнө айтылган бардык каршы пикирлерди абдан дыкаттык менен уккан, бардык суроолорго жада калса провокациялык суроолорду да кылдаттык менен карап, терең ой чаптырган. 
Мотаххаринин ишкердүүлүгү марксизмди сынга алуу менен гана чекетелип калган эмес. Анын илимий изилдөө жана диний агартуу ишмердүүлүктөгү  негизги көздөгөнү ислам маданиятын жана баалуулуктарын толугу менен жеткизүү болгон жана Мотаххари муну шиит агымынын диний мурасы деп билген. 
Азыркы заманбап Иранда Мотаххаринин эмгектери менен лекцияларынын негизинде 50 дөн ашык китеп даярдалып чыккан. Аларга философия, ирфан, фикх, тарых, адеп-ахлак, мусулмандар жашоосундагы бардык аспектилерди камтыган Куран илими ж.б. кирет. Алардын көбү элге жеткиликтүү тил менен жазылып, азыркы жаңы муунга түшүнүктүү жана жеткиликтүү.   
Мортаза Мотаххари Батыш философиялык ойлордун негизги тармактарын абдан жакшы билген, бирок интеллектуал-модернисттерден айырмаланып батыш ыкмаларын колдонгон эмес, тескерисинче салттуу теологиялык дискурска негизделген азыркы Иран коомунун философиялык жана идеологиялык маселелерин түшүнүүгө умтулган. 
Ирфан   ислам имамитиндей эле мистикалык окуу сыяктуу (суниттердин тасаввуфунан айырмаланып теоретика-дин таануучу мүнөздү алып жүргөн) революциялык муундун дүйнө таануусуна болуп көрбөгөндөй таасир берген, бирок аалымдардын негизги бөлүгү ирфанга анчейин деле кызыгуу арттырышкан эмес.  
Мотаххари Хомейнинин окуучусу катары ирфандын тарапташы болгон жана шиит “арифтери” - Садроддин Ширази (Молла Садра), Сухреварди жана суфий поэттери Хафиз  жана Жалал ад-дин Румилердин философиялык мурастарын элге  таанытууга умтулган. 
Мотаххари ирфандан, дин таануунун негизин, адамзатынын жашоосундагы сырларга болгон ачкычты байкаган, б.а. ирандык жаштарга зарыл болгон нерселерди байкаган. Ирфан салттык практикадан чектелген ислам образындагы светтик көз караштагы ирандыктардын чегин ачкан, бул ирфан жөнүндөгү диний илимдерди изилдөө кызыкчылыктарын жаратуу себептеринин бири болгон. Андан тышкары ирфан интеграция функциясын аткарган, анткени ал тасаввуф менен философиялык билимди айкалыштырып өзүнө камтыган жана ал Мотаххари сунуштаган “туура дүйнө тааным” критерийине дал келген. Ирфандын таасири Мотаххаринин трактовкаларында байкалат. Мисалга алсак, социалдык, саясий жана экономикалык маанидеги батыш ой толгоосуна азаттык, ал “руханий азатыктын” ой толгоолоруна карама-каршы келет жана “адамдын кемчиликтерине карабай башынан баштап азаттык берүү” ой толгоосун негиздейт. Андан тышкары, суфизм менен ирфандын негизги бөлүгүн түзгөн «энсан-е камель» (араб. инсан-уль-камиль – «кемчиликсиз адам же толук кандуу инсан») концепциясынын негизинде “адамдын социалдык эволюциясы”нын теориясында калыптаган. 
Ислам революциясы убагындагы өкмөттүн республикалык органдарын катоодогу эң катаал жана жоопкерчиликтүү мезгилде Мотаххари Имам Хомейнинин башкы интерпретатору болгон. Ал өзүнүн эл алдына чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө революцияны жеңип чыккан  ислам мүнөзүнө басым жасап, исламдын түзүлүшүндө же болбосо “тоухид” деп аталган коомдун түзүлүш максатын баяндаган. Кудайдын жалгыздыгын далилдеген “тоухид” терминин алар абдан кенен түшүндүрүшкөн.  Мотаххари “тоухиддин” бир түрү катары “коомдук практикалык тоухид” б.а. “Аллахтан башка эч бир кудайды кудай катары кабыл албоо” принцибин белгилеген. Ошентип, “тоухид коому” “тоухиддин” эң жогорку деңгээлин билдирген жана алар бир максат, бир дин, бир идеологиядагы социалдык бүтүндүк деп түшүнүшкөн. 
Заманбап Иран Ислам Республкасында Мотаххаринин көз карашын жана анын интеллектуалдык мурасын карап көрөлү. Мотаххари жана анын ой-толгоолоору Ирандагы ислам режиминин негизги символдорунун бири катары экенин айтуу зарыл. Мотаххари дүйнөдөн кайткан күн Иранда “Мугалимдер күнү” катары майрамдалып келет жана анын китептери Иран жаштары үчүн  азыркы расмий идеологияны жайылтуудагы негизги каражаттардын бири катары саналат.  Алар жыл сайын кайрадан басылып чыгарылып, миңдеген нускалар мамлекеттин бардык тарабына таратылып турат. Анын эмгектеринин баалуулугу өзгөчө Хомейни дүйнөдөн кайткандан кийин төмөндөгөнү айкын. Иран жаштарын башка идеяларга кызыгып кетпөө үчүн Мотаххаринин эмгектерин расмий пропагандалоодо маанилүү орунду ээлейт. Мотаххаринин дүйнөдөн кайтканына 25 жыл болгонун белгилеген “Хекмат-е мотаххар” (Эң таза акылмандык)  атту форумда, качандыр бир убакта Ислам революциясынын улуу жол башчысы Сейед Али Хаменейи ирандык жаштарга анын китептерин окууну сунуштаган жана “Мотаххари ислам ойлорун алдыга жылдырган адам болгон, ал   коомдогу көйгөйлөргө интеллектуалдык мамиленин негизин түзгөн жана аны менен “Чыгыш жана Батыш” идеологиялары өзгөчөлөнгөн” деген. 
Биз көрүп тургандай, Мотаххари жаңы ислам идеологиясын түзүүдө болуп көрбөгөндөй маанилүү ролду ойногон, ал идея Иран коомунун дээрлик катмарын батыштын секулярдык доктринасынан алыстаткан. Мотаххаринин мындай өзгөчөлүгү, ал башка мусулман интеллектуалдарга (А.Шариати, М.Икбал) салыштырмалуу батыш маданияты, илим-билими, философиясы жашоо шарты (ал Европа тилдерин билген эмес, Европа университеттеринде билим алган эмес жана светтик билим алган эмес) таасиринде калган эмес.  Бул анын Батыш идеяларын талдоого салыштырмалуу алсыз теориялык даярдыгын алдын ала аныктаган, бирок ошол эле учурда ага бир катар ачык-айкын артыкчылыктарды берген.
И. Р. Гибадуллин
http://www.idme dina.ru/books/materials/turkology/1/islam_gibadullin.htm
Календарь
«    Август 2021    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 
Социялдык тармактарда
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter