Logo
Кыргызча
فارسی
 
  • 22:05 – Ирандын 9 өлкөдөгү жаңы элчилери менен мамлекет башчысы жолугушту 
  • 17:28 – Иран менен Түндүк Осетиянын кызматташтыгы жогорулоодо 
  • 13:14 – Кытай менен Казакстан элчилери Иран менен мамилени чыңдоону белгилешти 
  • 18:22 – Зариф Казакстандын ТИМ жетекчиси менен жолугушту 

Иран дүйнөдө гүл өндүрүү боюнча 17-орунда турат

Иран дүйнөдө гүл өндүрүү боюнча 17-орунда турат

Ирандын гүл жана өсүмдүк өндүрүү боюнча бирикмесинин төрагасы Голамали Эбрахими Иран гүл өндүрүшү боюнча дүйнөдө он жетинчи орунда турарын билдирди.
Бул тууралуу Tasnim агенттиги кабарлады.
Голамали Эбрахими берген маалыматка караганда, Иран Ислам Республикасы Ислам ыңкылабынын башында гүл жана өсүмдүктөрдү импорттоп келчү. Ал эми бүгүнкү күндө өлкөдө 4500 гектар аянтта гүл, кооздук үчүн өсүмдүктөр, бөлмө гүлдөрү, дарак жана бадалча гүлдөр өстүрүлөт жана Иран аймактын ири гүл экспорттоочуларынын бири болуп саналат.
Голамали Эбрахими гүл жана өсүмдүктөрдүн өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн өлкөдө дагы зарыл болгон түзүмдөр жетишпей жатканын жана өлкө ичиндеги гүл жана өсүмдүктөрдүн 40 пайызы жоголуп бара жатканын, өткөн жылы өлкө бул тармактан 98 млн. доллар гана киреше алганын кошумчалады.
Ошондой эле ал гүл өстүрүү тармагында өлкөдө 58 миңден ашуун адам эмгектенерин билдирди.
Иранда жыл сайын 2 млрд. 700 млн. даана гүл, 3 млрд. 200 млн. түрлүү жашылдандыруу, бакча гүлдөрүнүн түрлөрү, тал жана бадалча гүлдөр, 700 млн. түрдөгү бөлмө гүлдөрү өндүрүлөт. Бул гүлдөрдүн баардыгы Ирандын төрт уюлунда, атап айтканда Тегеран, Мазендеран, Маркази жана Хузестан облусттарында өстүрүлөт.
Голамали Эбрахими Иран дүйнөдө гүл жана өсүмдүктөрдүн өндүрүшү боюнча он жетинчи орунда турарына токтолуп, “Өткөн жылы Ирандын бул тармактагы экспортунун суммасы 98 млн. долларды түздү. Бирок, бизде жыл сайын 800 млн. долларлык гүл жана өсүмдүк экспорттоого мүмкүнчүлүк бар”, - деп баса белгиледи.






Календарь
«    Ноябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 
Социялдык тармактарда
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter