Кыргызский язык   Русский язык   Фарси     bg-login img-registrРегистрация


Мирзохалим Каримов-эки элге көпүрө жазуучу.

6-06-2016, 19:58
«Алмаз» радиосунда акын-котормочу Мирзохалим Каримов конокто болгон маектен кыскача үзүндүгө назар салыныздар - «Союз учуру таркаган соң, Кыргызстанда журналисттер ишсиз калган элек. Ошол кезде Кыргызстанга Иран элчилиги ачылып калып, фарсы тилин жакшы өздөштүргөндүктөн, эл аралык басмаканаларында редактор котормочу болуп эмгектенип калдым. Кийин Ирандын маданий өкүлчүлүктөрү ачылып, алар менен да иштештип калдым. Ошентип, 10 жыл Ирандын маданий өкүлчүлүк менен бирге иш алып барып, маданиятын, экономикасын жакшы өздөштүрдүм. Көп китептерди которушуп журуп, бир күнү 20 жылдыкка арнап китеп чыгаруу керек деп айтып калышты. Хранологиялык тартипте, Кыргыз-Иран достугу кайсы жылы башталып, президенттердин келгени кеткени тууралуу толук маалымат чогултуп, жыйынтынында китеп да даяр болуп, жарык көрдү. Жакында эле Кыргызстанга Ирандын ФАРС деген маалымат агенттик борбору ачылып, мени ал жакка кызматка чакырышты. Азыр даярдык көрүүдөмүн. Буйруса, Кыргызстан бул жылы чоң мааракелерди өткөрүүнүн алдында тураары баарыбызга эле маалым. Мен мааракелерди агенттик аркылуу фарсы тилинде которуп, Кыргызстандын эң нукура маданий баалуулуктарын жана улуу инсандары тууралуу маалыматтарды Иран элине таанытууну көздөп турам».

Чыгыш поэзиясынын котормочусу акын Кубанычбек Басылбеков.

6-06-2016, 19:17
Бүгүн, 6-июнь «Алмаз» радиосунун түз эфиринде акын, котормочу Кубанычбек Басылбеков болду. Кубанычбек мырза өмүрүн көпчүлүк убактысын китеп которууга бөлүп келет. Көп жылдардан бери Кыргызстан менен Иран мамлекетинин байланышын бекемдеп, чыгыш классиги Саадинин «Гүлстан», «Омар Хайям» даанышмандардын китептерин кыргыз тилине которгон. Таланттуу акын жана талыкпас котормочунун эмгегин баалап, аталган радионун директору Кошмуратов Рустам, өзүнүн атынан компьютер белекке берди.

7-июнда Кыргызстандын курама командасы ирандык футболчулар менен беттешери күтүлүүдө.

2-06-2016, 18:51
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) рейтингинде 11 орунга төмөн түштү. Бул тууралуу ФИФА сайтында жарыяланган рейтингде белгилүү болду. Өткөн эки айда кыргызстандык команда 100-орунду ээлеген эле. Бул жолку төмөндөө курама команданын расмий беттештерге катышпаганы менен түшүндүрүлүүдө.

7-июнда Кыргызстандын курама командасы ирандык футболчулар менен беттешери күтүлүүдө.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын ФИФА рейтингинде 100-катардан орун алышы кыргыз футболунун тарыхындагы эң мыкты көрсөткүч болуп саналган.

Алдыңкы беш мыкты улуттук курама командалардын көч башын Аргентина, Бельгия, Чили, Колумбия жана Германия өлкөлөрү жетектейт.

Шахнаменин сүрөттөрүнө биринчи жолу улуттук фестиваль болот.

1-06-2016, 17:29
Улуу Иран акыны Фирдавсынын жетишкендиктери жана түбөлүккө белгилүү болгон Шахнаменин эмгектерине арналган, биринчи улуттук сүрөттөр майрамдык фестиваль болот.
Бул фестивалда, Тус шаарында жайгашкан Фирдавсынын күмбөзүнүн сүрөттөрү, скульпторлору жана эстеликтери көргөзмөгө коюлат.
Маалыматка ылайык, фестивалда ирандын баардык шаарларына жана дүйнө жүзүндө жайгашкан Шахнаманын жазма түрүндөгү тексттерин да көрүүгө болот.

Исфаханда эң кооз Куран китеби жазылып бүттү.

1-06-2016, 13:48
Дүйнөнүн эң кооз Куран китеби Исфаханда төрт мыкты устанынын колунан жаралды. Куранды ыйык Рамазан айына бүтүрүп, коомго алып чыгуу.
Маалыматка ылайык, Китеп кадимки кагазга кол жазуу менен жазылып, ар бир баракчасы алтын түстөгү боёкко боёлгон. Ал эми эң башкы бетине күмүш кошулуп 175 алтын түс менен сайма түшүрүлүп 120 Алланын ысымы жазылган. Бул Куранды жазууга 7 жыл убакыт талап кылынып, башкы бетине 1500 алмаздан сайма түшүрүлдү.

Иранда туризм тармагы өнүгүүдө.

30-05-2016, 18:35
Британиянын "Гардиан" гезити Иран туризм тармагында алдыда келе жатканын жазып чыгышты.

Гезиттин маалыматында, “Ирандын ядролук макулдашуусу ийгиликтүү жыйынтыкталгандан кийин, туристтик индустрияны олуттуу өнүктүрүү менен виза берүү жолу жөнөкөйлөтүлүп, жаңы отел жана мейманкалар салынып, келген туристтерди курулуш тармагы менен да тааныштырышат. Иран-бул уникалдуу жана абдан маданиятка бай цивилизация өлкө болуп, эсептелинет”.

Иранга жакынкы жылдары туристтердин келүүсү да олуттуу өсөөрүн, -макалада жазылган.

Тегеранда "Холокост"аталыштагы жарманке өттү.

30-05-2016, 18:30
Тегеранда өткөн "Холокост" карикатур аталышындагы сынак жарманкеге 50 өлкөдөн 864 эмгектер элге көргөзүлдү.

Бишкекте «Имам Хомейни жана Ислам Революциясын жеткирүү» аттуу илимий-практикалык конференция өтөт.

26-05-2016, 16:58
Бишкекте, 3-июнда Кыргызстандагы Иран Ислам Республикасынын элчилигинин алдындагы маданий өкүлчүлүк менен КРОС университетинин эл аралык факультети менен биргеликте «Имам Хомейни жана Ислам Революциясын жеткирүү» аттуу конференциясы болот.
Маалыматка ылайык, илимий-практикалык конференция Имам Хомейнинин каза болгон жылдыгына белгиленип, ага ЖОЖдын мугалимдерин, изилдөөчүлөр жана студенттер чакырылган.

Иранда Шахнамынын 181 кол жазмалары табылды.

19-05-2016, 19:31
Иранда Шахнамынын 181 кол жазма көчүрмөсүнүн коллекциясы табылды. Эң негизги иликтөө Иранда жүргүзүлүп, көрүнүктүү улуу акын Фирдавси кол жазмаларын көчүрмөлөрү табылган.
Кол жазмалардын арасында Шахнамынын эки нускасы бар. Биринчи нускада Фирдавси өз колу менен жазган эмгектери жана экинчи нускада ал өлгөндөн кийин акын жазуучулар жалпылап жазып келишкен.

Ирандын арбитри дүйнөлүк футболдун судьясы болуп дайындалды.

4-05-2016, 16:54
Ирандын эл аралык арбитри Алиреза Фагани, 2018-жылы Орусия өтүүчү дүйнөлүк футболдун судьясы болуп дайындалды. Бул туурасында Фагани ИРНА агенттигине маалымдады.

Мен өткөн айда спорттук судья болуш үчүн, атайы Катар мамлекетинен даярдоо курсунан өткөм. Дагы бир арбитрдин жардамчысы кийинки айда Мароккодон даярдоо курсунан өтөт.

Маалыматка ылайык, 2016-жылы Риодо өткөн олимпияда оюндарында Фагани жана анын эки жардамчылары Реза Сохандан менен Мохаммад Реза Мансурилер арбитр болуп дайындалышкан.

2018-жылы Орусияда өтүүчү мааракеде 40 мамлекеттен 88 арбитрлер спорттук судьялардын функцияларын аткараарын, ФИФАнын судьялык комитети жыйынтык чыгарды.

Руководители Ирана


   Али Хаменеи      Имам Хомейни
Наши партнёры

В Иран приедет французская делегация для выяснения причин авиакатастрофы

Руководитель пресс-службы Организации гражданской авиации Ирана сообщил о приезде в Тегеран французской делегации в составе 7 человек для выяснения причин крушения лайнера типа ATR авиакомпании "Асеман"....
Интересное>> Все статьи

В Иран приедет французская делегация для выяснения причин авиакатастрофы

Руководитель пресс-службы Организации гражданской авиации Ирана сообщил о приезде в Тегеран французской делегации в составе 7 человек для выяснения причин крушения лайнера типа ATR авиакомпании "Асеман"....

Министр иностранных дел Ирана: Соединенные Штаты нарушили СВПД

Министр иностранных дел Исламской Республики Иран заявил, что Соединенные Штаты нарушили Совместный всеобъемлющий план действий (СВПД), но сделка все еще дейстует...

Иран и Ирак подписали военное соглашение

Заместитель министра обороны ИРИ встретился с генеральным секретарем министерства обороны Ирака и подписал военное соглашение....

Культурное представительство при Посольстве ИРИ в КР

Логин
Пароль
Запомнить