Кыргызский язык   Русский язык   Фарси     bg-login img-registrРегистрация


Иран алгач ирээт Миланда өтчү триеналдык жарманкеге катышат.

14-06-2016, 17:59
Иран алгач ирээт Миланда өтчү триеналдык «21 кылым дизайн жана дизайнга чейинки» аталыштагы жарманкеге катышат.

Жармакеде, иран архитектура жана маданиятынын айкалышуу символун көрсөтүп, тышкы рыноктогу жагымдуулун тартуулайт.

Ирандык киноматографисттер прогресс байланышында мактоого татыды.

10-06-2016, 18:12
«Ирандык кинематограф ислам революциясынын кийин мыкты прогресске татыды. Бул тууралуу Тунистеги эл аралык Карфаге фестивалынын директору баамдады. (Араб жана Африкалык мамлекеттердин эң ири кинофестивалы).

«Жыл сайын Иран, ар тараптуу эл аралык фестивалдардан, ийгиликтүү кайтууда жана киноматографтар да бийик даражага жетүүдө»-деп ИРНА га Ибрагим Латиф маалымдады.

Бул жетишкендиктер, келечекте Ирандын киноматографисттери эл аралык аренага чыгаарынан кабар берет.

Байматовдун Кыргызстан-Иран футбол оюну тууралуу ою

9-06-2016, 13:40
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын капитаны Азамат Байматов Ирандан утулуп калгандыгы тууралуу айтып берди.

“Атаандаш күчтүү болду. Биринчи мөөнөттөрүнөн тарта эле кысым боло турганын билгенбиз. Бирок тилекке каршы жакшы оюн көрсөтө албадык. Атаандашка көп жолу эле топту тарттырып жибердик. Чабуулга тездеп өткөнгө аракет жасасак да, болбой калды. Колубуздан келбеди”, — дейт футболчу.
Байматовдун айтымында, Ирандын курамасы Азиядагы эң мыкты команда экенин көрсөттү.
«Алар биз умтула турган футболду көрсөтүштү. Биз Иран, Австралия, Иордания сыяктуу атаандаштар менен ойногондо гана алдыга жыла алабыз. Бул оюн бизге жакшы тажрыйба болду. Чече турган көйгөйлөр көп, биз баарын чечкенге аракет кылабыз”,- деди ал.
7-июнда “Азади” стадионунда болгон жолдоштук матчта Крестининдин командасы Иран курамасына 6:0 менен утулуп калган.

Кыргыз футболчулары жолдоштук беттеште Иран курамасына 6:0 эсебинде утулушту

8-06-2016, 19:27
7-июнда Тегеран шаарында футбол боюнча Ирандын улуттук курамасы кыргыз футболчуларын кабыл алды. Жолдоштук беттеште 6:0 эсеби катталып, үй ээлери ишенимдүү жеңишке жетишишти. Атаандаштын чабуулда жана коргонуудагы тыкан, ыкчам аракеттери машыктыруучу Александр Крестининдин шакирттерин көп учурда жаңылууга мажбурлап жатты.

Улуттук курамабыздын курамында биринчи мүнөттөн тарта дарбазада Павел Матяш, коргонууда Шерзот Шакиров, Дениэл Тего, Азамат Байматов жана Турсунали Рустамов чыккан. Ал эми жарым талаада Павел Сидоренко, Эдгар Бернхардт, Ахлидин Исраилов, Фархат Мусабеков жана Антон Землянухин оюн алып барса, чабуулда жалгыз Виталий Люкс ойноду. Оюндун жүрүшүндө машыктыруучу 5 оюнчуну алмаштырды. 2-таймда майданга Ильдар Амиров, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу, Бахтияр Дүйшөбеков жана Валерий Кашуба сыяктуу футболчулар чыгышты.

Иранга каршы беттеште 1-мүнөттөн тарта майданда оюн көрсөтө турган 11 кыргыз футболчусу

8-06-2016, 19:27
7-июнда Тегеран шаарында футбол боюнча Ирандын улуттук курамасы жолдоштук беттеш алкагында кыргыз футболчуларын кабыл алууда. Улуттук курамабыздын машыктыруучусу Александр Крестинин беттешке 1-мүнөттөн тарта майданга чыга турган футболчулардын тизмесин бекитти.

КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, башкы курам төмөнкүчө:

Дарбазачы: Павел Матяш

Коргоочулар: Шерзот Шакиров, Дениэл Тего, Азамат Байматов, Турсунали Рустамов.

Жарым коргоочулар: Павел Сидоренко, Эдгар Бернхардт, Ахлидин Исраилов, Фархат Мусабеков, Антон Землянухин.

Чабуулчу: Виталий Люкс.

Ирандын улуттук китепканасында «Кооз Иран» аталыштагы жарманке өтөт.

7-06-2016, 18:29
Жакынкы күндөрү, Иран Ислам Республикасынын улуттук архивдеринде «Кооз Иран» аталыштагы жарманке өтөт. Жарманкеге, Ирандын байыркы колго жазылган маданий, табигый документтери коюлат.

Маалыматка ылайык, Ирандын улуттук архивинин уюштуруучуларын, Пекиндеги Кытай мамлекетинин улуттук библиотекага чакырууда. Жарманкенин соңунда, эки мамлекеттин жолугушуусу болот.

Бүгүн Иран жана Кыргызстан футболчулары беттешет

7-06-2016, 13:10
Бүгүн Ирандын Кереж шаарында футбол боюнча Кыргызстан жана Иран курама командалары жолдоштук беттеш өткөрүшөт. Кыргызстан Футбол федерациясынан билдиришкендей, беттеш “Энгелаб” стадионунда болот. Беттешке омандык ФИФА рефериси Махмуд Ал-Мажрафи калыстык кылат. Ага Рашид ал Гайити жана Хамед ал Гафри жардам беришет.

Мирзохалим Каримов-эки элге көпүрө жазуучу.

6-06-2016, 19:58
«Алмаз» радиосунда акын-котормочу Мирзохалим Каримов конокто болгон маектен кыскача үзүндүгө назар салыныздар - «Союз учуру таркаган соң, Кыргызстанда журналисттер ишсиз калган элек. Ошол кезде Кыргызстанга Иран элчилиги ачылып калып, фарсы тилин жакшы өздөштүргөндүктөн, эл аралык басмаканаларында редактор котормочу болуп эмгектенип калдым. Кийин Ирандын маданий өкүлчүлүктөрү ачылып, алар менен да иштештип калдым. Ошентип, 10 жыл Ирандын маданий өкүлчүлүк менен бирге иш алып барып, маданиятын, экономикасын жакшы өздөштүрдүм. Көп китептерди которушуп журуп, бир күнү 20 жылдыкка арнап китеп чыгаруу керек деп айтып калышты. Хранологиялык тартипте, Кыргыз-Иран достугу кайсы жылы башталып, президенттердин келгени кеткени тууралуу толук маалымат чогултуп, жыйынтынында китеп да даяр болуп, жарык көрдү. Жакында эле Кыргызстанга Ирандын ФАРС деген маалымат агенттик борбору ачылып, мени ал жакка кызматка чакырышты. Азыр даярдык көрүүдөмүн. Буйруса, Кыргызстан бул жылы чоң мааракелерди өткөрүүнүн алдында тураары баарыбызга эле маалым. Мен мааракелерди агенттик аркылуу фарсы тилинде которуп, Кыргызстандын эң нукура маданий баалуулуктарын жана улуу инсандары тууралуу маалыматтарды Иран элине таанытууну көздөп турам».

Чыгыш поэзиясынын котормочусу акын Кубанычбек Басылбеков.

6-06-2016, 19:17
Бүгүн, 6-июнь «Алмаз» радиосунун түз эфиринде акын, котормочу Кубанычбек Басылбеков болду. Кубанычбек мырза өмүрүн көпчүлүк убактысын китеп которууга бөлүп келет. Көп жылдардан бери Кыргызстан менен Иран мамлекетинин байланышын бекемдеп, чыгыш классиги Саадинин «Гүлстан», «Омар Хайям» даанышмандардын китептерин кыргыз тилине которгон. Таланттуу акын жана талыкпас котормочунун эмгегин баалап, аталган радионун директору Кошмуратов Рустам, өзүнүн атынан компьютер белекке берди.

7-июнда Кыргызстандын курама командасы ирандык футболчулар менен беттешери күтүлүүдө.

2-06-2016, 18:51
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) рейтингинде 11 орунга төмөн түштү. Бул тууралуу ФИФА сайтында жарыяланган рейтингде белгилүү болду. Өткөн эки айда кыргызстандык команда 100-орунду ээлеген эле. Бул жолку төмөндөө курама команданын расмий беттештерге катышпаганы менен түшүндүрүлүүдө.

7-июнда Кыргызстандын курама командасы ирандык футболчулар менен беттешери күтүлүүдө.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын ФИФА рейтингинде 100-катардан орун алышы кыргыз футболунун тарыхындагы эң мыкты көрсөткүч болуп саналган.

Алдыңкы беш мыкты улуттук курама командалардын көч башын Аргентина, Бельгия, Чили, Колумбия жана Германия өлкөлөрү жетектейт.

Шахнаменин сүрөттөрүнө биринчи жолу улуттук фестиваль болот.

1-06-2016, 17:29
Улуу Иран акыны Фирдавсынын жетишкендиктери жана түбөлүккө белгилүү болгон Шахнаменин эмгектерине арналган, биринчи улуттук сүрөттөр майрамдык фестиваль болот.
Бул фестивалда, Тус шаарында жайгашкан Фирдавсынын күмбөзүнүн сүрөттөрү, скульпторлору жана эстеликтери көргөзмөгө коюлат.
Маалыматка ылайык, фестивалда ирандын баардык шаарларына жана дүйнө жүзүндө жайгашкан Шахнаманын жазма түрүндөгү тексттерин да көрүүгө болот.

Исфаханда эң кооз Куран китеби жазылып бүттү.

1-06-2016, 13:48
Дүйнөнүн эң кооз Куран китеби Исфаханда төрт мыкты устанынын колунан жаралды. Куранды ыйык Рамазан айына бүтүрүп, коомго алып чыгуу.
Маалыматка ылайык, Китеп кадимки кагазга кол жазуу менен жазылып, ар бир баракчасы алтын түстөгү боёкко боёлгон. Ал эми эң башкы бетине күмүш кошулуп 175 алтын түс менен сайма түшүрүлүп 120 Алланын ысымы жазылган. Бул Куранды жазууга 7 жыл убакыт талап кылынып, башкы бетине 1500 алмаздан сайма түшүрүлдү.

Иранда туризм тармагы өнүгүүдө.

30-05-2016, 18:35
Британиянын "Гардиан" гезити Иран туризм тармагында алдыда келе жатканын жазып чыгышты.

Гезиттин маалыматында, “Ирандын ядролук макулдашуусу ийгиликтүү жыйынтыкталгандан кийин, туристтик индустрияны олуттуу өнүктүрүү менен виза берүү жолу жөнөкөйлөтүлүп, жаңы отел жана мейманкалар салынып, келген туристтерди курулуш тармагы менен да тааныштырышат. Иран-бул уникалдуу жана абдан маданиятка бай цивилизация өлкө болуп, эсептелинет”.

Иранга жакынкы жылдары туристтердин келүүсү да олуттуу өсөөрүн, -макалада жазылган.

Тегеранда "Холокост"аталыштагы жарманке өттү.

30-05-2016, 18:30
Тегеранда өткөн "Холокост" карикатур аталышындагы сынак жарманкеге 50 өлкөдөн 864 эмгектер элге көргөзүлдү.

Бишкекте «Имам Хомейни жана Ислам Революциясын жеткирүү» аттуу илимий-практикалык конференция өтөт.

26-05-2016, 16:58
Бишкекте, 3-июнда Кыргызстандагы Иран Ислам Республикасынын элчилигинин алдындагы маданий өкүлчүлүк менен КРОС университетинин эл аралык факультети менен биргеликте «Имам Хомейни жана Ислам Революциясын жеткирүү» аттуу конференциясы болот.
Маалыматка ылайык, илимий-практикалык конференция Имам Хомейнинин каза болгон жылдыгына белгиленип, ага ЖОЖдын мугалимдерин, изилдөөчүлөр жана студенттер чакырылган.

Иранда Шахнамынын 181 кол жазмалары табылды.

19-05-2016, 19:31
Иранда Шахнамынын 181 кол жазма көчүрмөсүнүн коллекциясы табылды. Эң негизги иликтөө Иранда жүргүзүлүп, көрүнүктүү улуу акын Фирдавси кол жазмаларын көчүрмөлөрү табылган.
Кол жазмалардын арасында Шахнамынын эки нускасы бар. Биринчи нускада Фирдавси өз колу менен жазган эмгектери жана экинчи нускада ал өлгөндөн кийин акын жазуучулар жалпылап жазып келишкен.

Ирандын арбитри дүйнөлүк футболдун судьясы болуп дайындалды.

4-05-2016, 16:54
Ирандын эл аралык арбитри Алиреза Фагани, 2018-жылы Орусия өтүүчү дүйнөлүк футболдун судьясы болуп дайындалды. Бул туурасында Фагани ИРНА агенттигине маалымдады.

Мен өткөн айда спорттук судья болуш үчүн, атайы Катар мамлекетинен даярдоо курсунан өткөм. Дагы бир арбитрдин жардамчысы кийинки айда Мароккодон даярдоо курсунан өтөт.

Маалыматка ылайык, 2016-жылы Риодо өткөн олимпияда оюндарында Фагани жана анын эки жардамчылары Реза Сохандан менен Мохаммад Реза Мансурилер арбитр болуп дайындалышкан.

2018-жылы Орусияда өтүүчү мааракеде 40 мамлекеттен 88 арбитрлер спорттук судьялардын функцияларын аткараарын, ФИФАнын судьялык комитети жыйынтык чыгарды.

Руководители Ирана


   Али Хаменеи      Имам Хомейни
Наши партнёры

Посол Германии в Иране: Экономический рост в Иране - мечта Германии

Посол Германии в Иране, заявляя, что уже созданы условия для дальнейшего улучшения экономических отношений между двумя странами, отметил: "Иран показывает очень хороший экономический рост. Об этом мечтает наша страна"....
Интересное>> Все статьи

Посол Германии в Иране: Экономический рост в Иране - мечта Германии

Посол Германии в Иране, заявляя, что уже созданы условия для дальнейшего улучшения экономических отношений между двумя странами, отметил: "Иран показывает очень хороший экономический рост. Об этом мечтает наша страна"....

Китайские власти: Китай помог иранскому танкеру всеми силами

Заместитель главы МИД КНР сказал, что его страна помогла иранскому танкеру всеми силами....

Иран и Индия подписали соглашение о развитии железных дорог

Иран и Индия подписали соглашение на 2 млрд долларов для развития сотрудничества в железнодорожном секторе....

Культурное представительство при Посольстве ИРИ в КР

Логин
Пароль
Запомнить