Кыргызский язык   Русский язык   Фарси     bg-login img-registrРегистрация

» » » Кыргыз футболчулары жолдоштук беттеште Иран курамасына 6:0 эсебинде утулушту

Кыргыз футболчулары жолдоштук беттеште Иран курамасына 6:0 эсебинде утулушту

7-июнда Тегеран шаарында футбол боюнча Ирандын улуттук курамасы кыргыз футболчуларын кабыл алды. Жолдоштук беттеште 6:0 эсеби катталып, үй ээлери ишенимдүү жеңишке жетишишти. Атаандаштын чабуулда жана коргонуудагы тыкан, ыкчам аракеттери машыктыруучу Александр Крестининдин шакирттерин көп учурда жаңылууга мажбурлап жатты.

Улуттук курамабыздын курамында биринчи мүнөттөн тарта дарбазада Павел Матяш, коргонууда Шерзот Шакиров, Дениэл Тего, Азамат Байматов жана Турсунали Рустамов чыккан. Ал эми жарым талаада Павел Сидоренко, Эдгар Бернхардт, Ахлидин Исраилов, Фархат Мусабеков жана Антон Землянухин оюн алып барса, чабуулда жалгыз Виталий Люкс ойноду. Оюндун жүрүшүндө машыктыруучу 5 оюнчуну алмаштырды. 2-таймда майданга Ильдар Амиров, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу, Бахтияр Дүйшөбеков жана Валерий Кашуба сыяктуу футболчулар чыгышты.

Добавить комментарий

:
E-Mail:
Полужирный Наклонный текст Подчеркнутый текст Зачеркнутый текст | Выравнивание по левому краю По центру Выравнивание по правому краю | Вставка смайликов Вставка ссылкиВставка защищенной ссылки Выбор цвета | Скрытый текст Вставка цитаты Преобразовать выбранный текст из транслитерации в кириллицу Вставка спойлера
:

Похожие материалы:

Байматовдун Кыргызстан-Иран футбол оюну тууралуу ою

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын капитаны Азамат Байматов Ирандан утулуп калгандыгы тууралуу айтып берди.

“Атаандаш күчтүү болду. Биринчи мөөнөттөрүнөн тарта эле кысым боло турганын билгенбиз. Бирок тилекке каршы жакшы оюн көрсөтө албадык. Атаандашка көп жолу эле топту тарттырып жибердик. Чабуулга тездеп өткөнгө аракет жасасак да, болбой калды. Колубуздан келбеди”, — дейт футболчу.
Байматовдун айтымында, Ирандын курамасы Азиядагы эң мыкты команда экенин көрсөттү.
«Алар биз умтула турган футболду көрсөтүштү. Биз Иран, Австралия, Иордания сыяктуу атаандаштар менен ойногондо гана алдыга жыла алабыз. Бул оюн бизге жакшы тажрыйба болду. Чече турган көйгөйлөр көп, биз баарын чечкенге аракет кылабыз”,- деди ал.
7-июнда “Азади” стадионунда болгон жолдоштук матчта Крестининдин командасы Иран курамасына 6:0 менен утулуп калган....

Иранга каршы беттеште 1-мүнөттөн тарта майданда оюн көрсөтө турган 11 кыргы ...

7-июнда Тегеран шаарында футбол боюнча Ирандын улуттук курамасы жолдоштук беттеш алкагында кыргыз футболчуларын кабыл алууда. Улуттук курамабыздын машыктыруучусу Александр Крестинин беттешке 1-мүнөттөн тарта майданга чыга турган футболчулардын тизмесин бекитти.

КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, башкы курам төмөнкүчө:

Дарбазачы: Павел Матяш

Коргоочулар: Шерзот Шакиров, Дениэл Тего, Азамат Байматов, Турсунали Рустамов.

Жарым коргоочулар: Павел Сидоренко, Эдгар Бернхардт, Ахлидин Исраилов, Фархат Мусабеков, Антон Землянухин.

Чабуулчу: Виталий Люкс....

Бүгүн Иран жана Кыргызстан футболчулары беттешет

Бүгүн Ирандын Кереж шаарында футбол боюнча Кыргызстан жана Иран курама командалары жолдоштук беттеш өткөрүшөт. Кыргызстан Футбол федерациясынан билдиришкендей, беттеш “Энгелаб” стадионунда болот. Беттешке омандык ФИФА рефериси Махмуд Ал-Мажрафи калыстык кылат. Ага Рашид ал Гайити жана Хамед ал Гафри жардам беришет....

Чыгыш поэзиясынын котормочусу акын Кубанычбек Басылбеков.

Бүгүн, 6-июнь «Алмаз» радиосунун түз эфиринде акын, котормочу Кубанычбек Басылбеков болду. Кубанычбек мырза өмүрүн көпчүлүк убактысын китеп которууга бөлүп келет. Көп жылдардан бери Кыргызстан менен Иран мамлекетинин байланышын бекемдеп, чыгыш классиги Саадинин «Гүлстан», «Омар Хайям» даанышмандардын китептерин кыргыз тилине которгон. Таланттуу акын жана талыкпас котормочунун эмгегин баалап, аталган радионун директору Кошмуратов Рустам, өзүнүн атынан компьютер белекке берди.
...

Бишкекте “Имам Хомейни жана Ислам Революциясынын жетишкендиктери ” аттуу ил ...

Бишкек. Бүгүн, 3-июнда Бишкекте Иран Ислам Республикасынын рухий жолбашчысы Имам Хомейнинин көзү өткөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган “Имам Хомейни жана Ислам Революциясынын жетишкендиктери” аттуу илимий-практикалык конференция болду.
Ирандын Кыргызстандагы элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүк тарабынан уюштурулган бул иш чарага кыргыз-иран достук коомунун жетекчиси, Махмуд Кашгари Барскани атындагы университеттин профессору ирандык ишмерлер, белгилүү кыргыз адабият, маданият өкүлдөрү катышты.
Алгач Маданий өкүлчүлүктүн жетекчиси 1979-жылы жеңишке жетишкен Иран ыңкылабынын максаты жана бүгүнкү күндө өз өлкөсүнүн өнүгүү жолуна түшүүсүнө жана дегеле мусулман дүйнөсүнө Имам Хомейнинин кошкон салымы тууралуу баяндап берди.
Кеченин соңунда Имам Хомейни тууралуу документалдуу тасма көрсөтүлүп, конференциянын катышуучулары өз ара пикир алышты....

7-июнда Кыргызстандын курама командасы ирандык футболчулар менен беттешери ...

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) рейтингинде 11 орунга төмөн түштү. Бул тууралуу ФИФА сайтында жарыяланган рейтингде белгилүү болду. Өткөн эки айда кыргызстандык команда 100-орунду ээлеген эле. Бул жолку төмөндөө курама команданын расмий беттештерге катышпаганы менен түшүндүрүлүүдө.

7-июнда Кыргызстандын курама командасы ирандык футболчулар менен беттешери күтүлүүдө.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын ФИФА рейтингинде 100-катардан орун алышы кыргыз футболунун тарыхындагы эң мыкты көрсөткүч болуп саналган.

Алдыңкы беш мыкты улуттук курама командалардын көч башын Аргентина, Бельгия, Чили, Колумбия жана Германия өлкөлөрү жетектейт....
Руководители Ирана


   Али Хаменеи      Имам Хомейни
Наши партнёры

В Иран приедет французская делегация для выяснения причин авиакатастрофы

Руководитель пресс-службы Организации гражданской авиации Ирана сообщил о приезде в Тегеран французской делегации в составе 7 человек для выяснения причин крушения лайнера типа ATR авиакомпании "Асеман"....
Интересное>> Все статьи

В Иран приедет французская делегация для выяснения причин авиакатастрофы

Руководитель пресс-службы Организации гражданской авиации Ирана сообщил о приезде в Тегеран французской делегации в составе 7 человек для выяснения причин крушения лайнера типа ATR авиакомпании "Асеман"....

Министр иностранных дел Ирана: Соединенные Штаты нарушили СВПД

Министр иностранных дел Исламской Республики Иран заявил, что Соединенные Штаты нарушили Совместный всеобъемлющий план действий (СВПД), но сделка все еще дейстует...

Иран и Ирак подписали военное соглашение

Заместитель министра обороны ИРИ встретился с генеральным секретарем министерства обороны Ирака и подписал военное соглашение....

Культурное представительство при Посольстве ИРИ в КР

Логин
Пароль
Запомнить