Кыргызский язык   Русский язык   Фарси     bg-login img-registrРегистрация

» » » Иранга каршы беттеште 1-мүнөттөн тарта майданда оюн көрсөтө турган 11 кыргыз футболчусу

Иранга каршы беттеште 1-мүнөттөн тарта майданда оюн көрсөтө турган 11 кыргыз футболчусу

7-июнда Тегеран шаарында футбол боюнча Ирандын улуттук курамасы жолдоштук беттеш алкагында кыргыз футболчуларын кабыл алууда. Улуттук курамабыздын машыктыруучусу Александр Крестинин беттешке 1-мүнөттөн тарта майданга чыга турган футболчулардын тизмесин бекитти.

КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, башкы курам төмөнкүчө:

Дарбазачы: Павел Матяш

Коргоочулар: Шерзот Шакиров, Дениэл Тего, Азамат Байматов, Турсунали Рустамов.

Жарым коргоочулар: Павел Сидоренко, Эдгар Бернхардт, Ахлидин Исраилов, Фархат Мусабеков, Антон Землянухин.

Чабуулчу: Виталий Люкс.

Добавить комментарий

:
E-Mail:
Полужирный Наклонный текст Подчеркнутый текст Зачеркнутый текст | Выравнивание по левому краю По центру Выравнивание по правому краю | Вставка смайликов Вставка ссылкиВставка защищенной ссылки Выбор цвета | Скрытый текст Вставка цитаты Преобразовать выбранный текст из транслитерации в кириллицу Вставка спойлера
:

Похожие материалы:

Байматовдун Кыргызстан-Иран футбол оюну тууралуу ою

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын капитаны Азамат Байматов Ирандан утулуп калгандыгы тууралуу айтып берди.

“Атаандаш күчтүү болду. Биринчи мөөнөттөрүнөн тарта эле кысым боло турганын билгенбиз. Бирок тилекке каршы жакшы оюн көрсөтө албадык. Атаандашка көп жолу эле топту тарттырып жибердик. Чабуулга тездеп өткөнгө аракет жасасак да, болбой калды. Колубуздан келбеди”, — дейт футболчу.
Байматовдун айтымында, Ирандын курамасы Азиядагы эң мыкты команда экенин көрсөттү.
«Алар биз умтула турган футболду көрсөтүштү. Биз Иран, Австралия, Иордания сыяктуу атаандаштар менен ойногондо гана алдыга жыла алабыз. Бул оюн бизге жакшы тажрыйба болду. Чече турган көйгөйлөр көп, биз баарын чечкенге аракет кылабыз”,- деди ал.
7-июнда “Азади” стадионунда болгон жолдоштук матчта Крестининдин командасы Иран курамасына 6:0 менен утулуп калган....

Кыргыз футболчулары жолдоштук беттеште Иран курамасына 6:0 эсебинде утулушт ...

7-июнда Тегеран шаарында футбол боюнча Ирандын улуттук курамасы кыргыз футболчуларын кабыл алды. Жолдоштук беттеште 6:0 эсеби катталып, үй ээлери ишенимдүү жеңишке жетишишти. Атаандаштын чабуулда жана коргонуудагы тыкан, ыкчам аракеттери машыктыруучу Александр Крестининдин шакирттерин көп учурда жаңылууга мажбурлап жатты.

Улуттук курамабыздын курамында биринчи мүнөттөн тарта дарбазада Павел Матяш, коргонууда Шерзот Шакиров, Дениэл Тего, Азамат Байматов жана Турсунали Рустамов чыккан. Ал эми жарым талаада Павел Сидоренко, Эдгар Бернхардт, Ахлидин Исраилов, Фархат Мусабеков жана Антон Землянухин оюн алып барса, чабуулда жалгыз Виталий Люкс ойноду. Оюндун жүрүшүндө машыктыруучу 5 оюнчуну алмаштырды. 2-таймда майданга Ильдар Амиров, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу, Бахтияр Дүйшөбеков жана Валерий Кашуба сыяктуу футболчулар чыгышты.

...

Кыргыз товарларын импорттогон алдыңкы 9 өлкө

Экспорттун көлөмү төмөндөп жатат дегенге карабастан made in KG товарларын жүктөп алып кеткен өлкөлөр бар.
Үстүбүздөгү жылдын үч айында Кыргызстан 178 миллион долларга товар сатты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22 пайызга төмөн экени Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда айтылат.
Негизинен экспорттун көлөмү алыскы мамлекеттердин суроо-талабынын азайышынан төмөндөдү. Бирок буга карабастан Кыргызстандан чыккан товарларга көңүл буруп, аларды пайдаланып келген мамлекеттер бар. Sputnik Кыргызстан алардын рейтингин түзүп чыкты.
Словения менен Украина тизменин башында турат. Үч айдын ичинде аталган өлкөлөргө жиберилген товардын көлөмү 4,3 эсеге жогорулаган. Мында Словения менен бир аз тоскоолдуктар бар: эгер ал жакка сатылган товарды эсептесек, жалпы баасы 100 миң долларга да жетпейт. Ал эми Украинага лампа, тери жана тамеки сатуудан Кыргызстан 1,2 миллион доллар пайда көргөн.
Иран. Январь-март айларында бул өлкөгө экспорт 3,6 эсеге көбөйгөн. Иранга Кыргызстандан 6,2 миллион долларлык жаңгак, жашылча-жемиш жөнөтүлгөн.
Бельгия. Сатылган товардын көлөмү 3 эсеге көбөйүп, баасы 6 миллион доллардан ашкан. Ал жакка бизден алтын жана энергетикалык генераторлор экспорттолот.
Россия. ЕАЭБ боюнча өнөктөш бул мамлекетке товар жөнөтүү 2,2 эсеге жогорулаган. Россия бизден чыккан алтынга муктаж өлкөлөрдүн ичинен Швейцариядан кийинки экинчи орунда турат. Үч айдын ичинде россиялыктар Кыргызстандан 45 миллион долларга жашылча-жемиш, техника жана аппаратура сатып алган.
Улуу Британия кыргызстандык товарлардын экспортун 2,1 эсеге көбөйттү. Бирок анын жалпы наркы 100 миң долларга да жетпейт.
Канада, Швеция жана Кытай быйыл Кыргызстандан 1,9 эсеге көп товар сатып алышкан. Мында алдыңкы эки өлкө 100 миң доллар менен чектелсе, Кытай 8,4 миллионго соода кылган. Ал жакка бизден тери, булгары жана унаа жөнөтүлөт.
Sputnik...

Иран менен Африканын келишими кенейтилүүдө.

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары, Африка жана жакынкы чыгыш тууралуу буларга токтолду: « жакынкы күндөрү ИРИ африкалык континенттер менен болгон мамилелерди кенейтет жана чындайт».

Тегеранда өткөн, «Эл аралык Африка күнүнүн» алкагында Хусейн Амир-Абдуллахиан баамдап, «акыркы күндөрү Түштүк Африканын президенттинин Иранга болгон сапары , келечекте эки өлкөнүнүн мындан аркы өнүгүүсүнүн жогорууларын далилдейт.

Африка антиимпериалистик континент өлкө болгондуктан өнүгүү жолунда турат. Мындан аары Иран менен биргеликте, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүгө бирге барат.
...

Индияда Ирандык банктын филиалы ачылат.

Индиянын «UCO Bank» банкы филиалы иранда ачылып, ирандын банктарынын филиалдары Индиянын айланасында ачылат. Бул тууралуу Индиядагы Ирандын элчиси Голам Реза Ансари ИЛНА маалымат агенттикке кабарлады.

Маалыматка ылайык, Иранга Индия банкынын сегиз филиалдары ачылган соң, индияга ирандык банкттардын филиалдарын ачууга лицензия жагынан жеңилдиктер болот.
...

Ирандын Чабахер портун үч өлкө иштетет

23-майда Тегеранда Ирандын Чабахер портун хабга айлантуу тууралуу келишим түзүлдү. Ага кол койгон Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди хабды региондо экономикалык өсүшкө өбөлгө түзө турган маанилүү долбоор деп атады. Индия бул долбоорго 500 млн. доллар инвестиция салып, аны иштетүүгө катышат.

Иран президенти Хасан Роухани Ирандын түштүк-чыгышында жайгаша турган хаб үч өлкөнүн “кызматташуусунун чоң символуна айланышы мүмкүн экенин”. Ооганстан президенти Ашраф Гани да 23-майда Тегеранга учуп келип, келишимге кол коюуга катышты.

Пакистанды кыйгап өтүүчү Чабахер портун үч мамлекет биргелешип иштетмекчи. Иран жана Индия аэрокосмикалык, биотехнология, нанотехнология жана террорчулукка каршы күрөш боюнча да келишимдерге кол коюшту....
Руководители Ирана


   Али Хаменеи      Имам Хомейни
Наши партнёры

Проект «Один пояс и один путь» сближает Иран и Китай

Глобальный проект Китая открывает дорогу экономическому сотрудничеству и культурному обмену двух стран....
Интересное>> Все статьи

Проект «Один пояс и один путь» сближает Иран и Китай

Глобальный проект Китая открывает дорогу экономическому сотрудничеству и культурному обмену двух стран....

Сотрудничество ЕС с Ираном для решения экологических проблем

Европейский комиссар по энергетике и президент иранского агентства по охране окружающей среды обсудили вопросы двустороннего сотрудничества и развития окружающей среды....

Презентация иранских ковров с изображением Кубка мира по футболу 2018

В Тегеране в преддверии начала Кубка мира по футболу 2018 г., который пройдет в России, состоялась презентация семи ковров и ковриков с изображениями, посвященными этому международному турниру....

Культурное представительство при Посольстве ИРИ в КР

Логин
Пароль
Запомнить