Кыргызский язык   Русский язык   Фарси     bg-login img-registrРегистрация


Иран дүйнө жүзү боюнча алтын талапкылуучулардын 18 катарында турат

2-08-2016, 16:25
Дүйнөлүк баалуу металлдар туурасындагы докладда, Иран жылына 60 тонна алтын жана күмүш иштетип, дүйнө жузү боюнча алтын талапкылуучулардын 18 катарында турат. Ал эми 2014-жылы Индия жалпысынан 771 тонна алтын иштетип, биринчи орунга чыккан. Дүйнөлүк базарда баалуу металлдарга болгон суроо талаптар 8%га жогорулады.

Иранда кайсыл кесиптер көңүл чордондо?

1-08-2016, 14:50
Тегарандагы техникалык жана профессионалдык окутуу уюмунун маалыматы жана статистикалык так жыйынтыктар боюнча, өлкөдөгү суроо талабын жоготпой турган кесиптерге электрондук системаларды оңдоо , сулуулук салондору кирет. Бул тармактар өлөнүн эконикасына да чоң салымын кошот. Мындан сырткары дизайнерлик жана кийим тигүү ишканалары да чоң суроо талапка ээ.

Ирандын Таджикистанга болгон каттамдары көбөйүүдө

29-07-2016, 17:54
Учурда Ирандан Таджикстанга каттаган учактардын саны дагы көбөйтүлдү. Бул учурдагы талаптарадан келип чыккан натыйжа.
ИРНА кабар агенттигинин берген маалыматына таянсак, Али Абедзаде Таджикистан элчиси менен болгон жолгушууда эки тараптын учак маселелерин карап, Ирандан Таджикстанга болгон каттамдардын санын көбөйтүү ишин жөнгө салды. Ошону менен бирге эле эки өлкө ортосундагы туризм тармагы да талкууланды.

Иран, Россия жана Азербайджан Бакуда үч тараптуу саммит өткөрөт

28-07-2016, 17:59
Россия элчиси Леван Джагарян ИРНА кабар агенттигине Иран, Россия жана Азербайджан Бакуда үч тараптуу саммит өткөрөөрүн маалымдады. Анда Каспий деңизинднги тартиптер, энергетика жана трансорт маселелери каралат. Ошону менен бирге Раштан Астаройго чейинки темир жол куруу планы да көз жаздымда калбайт. Ал эми Тегеран менен Москванын өкүлдөрү эки тараптуу саясий, соода, туризм жана маданий алакаларды сүйлөшүштү.

Иран менен Армениянын экономикалык катнашына басым жасоо

27-07-2016, 15:33
Ирандын вице-президенти Армения менен экономикалык өсүү жолунда эч кандай жолтоолорду көрө албаганын маалымдады.
Исхак Джахангири Армениянын энергетика жана табигый ресурстар министри менен болгон жолугушууда эки тарап, саясий жана маданий тараптар жакшы нукта бара жатканын билдирди. Ошону менен бирге экномикалык багыт да өнүгүүсү керектигин кошумчалады. Иран компанияларынын сапатуу иш аракеттери Армениянын бизнесмендери менен алака түзсө болоорун баса белгиледи.

Тегеран-Астрахань каттамдары жанданды

26-07-2016, 17:26
ИРНА кабар агенттигине Асгар Абдуллапур Имама Хомейни аэропортунан Тегерандан Астраханга жана Россияга карай , "Taban Airlines" компаниясынын учактары жанданды. Каттамдардын жанданышы менен жыйналыш өтөт, анда Тегеран жана Астрахандын соода алакалары каралат.

Ирандын нефт экспорту $ 200 миллиарды чапчыйт

25-07-2016, 16:07
Иран нефт экспортун $ 200 миллиардга жеткирүү программасын кабыл алды. Ирана Хамед Реза Салехинин маалыматы боюнча, мындай ийгиликке жетүү үчүн бирдиктүү иш жүргүзүү зарыл. 2025-жылы баардык тармакчы колдой ала турган өлчөм топтолот.

Ирандын сүт азыктары 30 мамлекетке эскпорттолууда

22-07-2016, 17:44
ИИРнын айыл-чарба министринин орун басары “Ар жылы Иран өлкөсүндөгү 600 миң сүт азыктары дүйнөнүн 30 өлкөсүнө эскпорттолот”-деп билдирди.
Хасан Рокни, сүт азыктарына талаптарды дагы да жогорулатуу маселеси менен бирлегикте, аларды дүйнөлүк рынокко жайылтуу зарылчылыгын айтты.

Ирак камыштары дүйнөлүк мурастар катарында катталды

21-07-2016, 13:47
Ирак камыштары дүйнөлүк мурастар катарында катталды
Ирактын түштүк-чыгышында жайгашкан саз район ЮНЕСКО нун мурастар тизмесине кирди. Аталган аймактагы камыштар Дежле жана Ферат дарыясы менен азыктанышып, ар түрлүү куштардын жашоосунда ыңгайлуу жай.
Мындан сыркары бул жай Сибирь жана Африкадан учуп өтчү келгин куштардын тыным эс алуусына мүмкүнчүлүк берет.

Иранда чай өндүрүшүнүн өсүшү

20-07-2016, 16:08
ИИРда чай түшүм үн жыйноого эки гана ай болду. Ага карабастан бүгүнкү күндөгү такталган маалыматтарга таянсак, жалпысынан 80миң тонна чай жыйналды. Бул жыйынтык былтыркы жылга салыштырмалуу 40%га жогору.

Россияга экспорт

19-07-2016, 16:20
Систан и Белуджестан Россияга эң алгачкы жолу деңиз азыктарын экспорттоодо. Коңшу мамлекет жалпысынан 40 тоннаны түзгөн азыкты экспорттоду.

Голландиялык айым: Иран – таң калыштуу керемет өлкө

18-07-2016, 18:45
Голландиялык жазуучу айым, веб -блогчу Ким Бергут Huffington Post гезитине берген маегинде , Иран жашоо үчүн коркунучсуз, эли да ичиеничтүү экенин кабарлады. Жазуучу Иран жергесинде өткөн жылы болгон. Учурда ал Казакстан мамлекетинде.
Бергут жазат: « Мен бул өлкөгө келгенимде баардыгы ойлогонумдан таптакыр башкача болуп чыкты. Ал жакта эч кандай согуш болгон жок. Иранда жошоо коркунучсуз, эгерде башка мамлекетке салыштырсак жошоо- шарты Европага барабар. Калкы меймандос келип, чет элдиктерди жылуу кабыл алышат. Чынында бул өлкө таң калаарлык керемет күчкө ээ».

Иран кинематография жана көркөм сүрөт боюнча мастер-класстарды өткөрүүгө даяр

15-07-2016, 18:10
Иран кыргызстандыктарга кинематография жана көркөм сүрөт искусствосу боюнча мастер-класстарды өткөрүүгө дилгир. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова менен Ирандын маданият уюмунун төрагасынын эл аралык иштер боюнча орун басары Аббас Хаме Яр жолугушуусунда белгилүү болду.

Министрликтиктин маалыматына ылайык, сүйлөшүүлөр 6-апрелде өткөн. Анда Аббас Хаме Яр экстремизмге бөгөт коюп, ислам маданиятынын терроризм менен ассоциацияланышына жол бербөө үчүн маданий иш-чараларды өткөрүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Ирандык айымдардын 40 пайызы жоолук салынат.

15-07-2016, 17:48
Ирандык айымдардын 40 пайызы жоолукту, хиджаб катары кийишсе, алардын ичинен 20 пайызы өз каалоосу менен хиджаб жамынат. Ал эми 20 пайызы жоолукту салт катары кийишип, алардын 25 пайызы жоолук салынышпай эле мусулман элинин хиджабын тандап алышкан. Теркерисинче 25 пайызы каада-салт катары жоолук салынышып, бирок хиджаб биздин кийим эмес деп эсептешсе, калган 10 пайызы мыйзам катары жоолук салынышып, хиджабка ишенишпейт. Бул туурасында ирандын статистикасында жарыяланды.

Ирандын жаңы мектеп программаларына 5 чет тил сабагы киргизилди.

15-07-2016, 17:47
Ирандын жаңы мектептеги окуу программаларына чектөөсүз 5 чет тил сабагын киргизүү сунушталды. Бул туурасында, ирандын жогорку маданий революция кеңешмесинен маалымдашты.

Ирандын кызыл жарым ай флотуна 14 вертолет кошулду.

14-07-2016, 17:41
Ирандын Кызыл жарым ай флонту вертолеттордун саны боюнча отузунчу орунда турат. Бул туурасында ирандын өзгөчө кырдаалдарды башкаруу тармагы жарыялады.
Кызыл жарым ай коомунда, куткаруу операцияларын жүзөгө ашыруу үчүн жана суроо-талаптарга ылайык, пайдаланууга 16 вертолет өз карамагында.
Мындан тышкары, коргоо министрлиги менен куралдуу күчтөрдүн макулдашуусуна ылайык, алардын техника жана жабдууларын зарыл болгон учурда колдонууга уруксат деген келишими бар.

Ирандын 19 провинциясында калкты каарылары түзөт.

14-07-2016, 17:22
Ирандын 700 миң адамы Альцгеймер оруусу менен күрөшүп келе жатканын, пенсионерлердин башкы катчылыгы маалымдады. Өлкөнүн 19 провинциясында каарылар пенсиянын кристигине жана баркталбагандыктан аталган ооруу пайда болуп жатканын, катчы коомго жарыялады.

Иранда орточо абанын температурасы 1,5 градуска жогорулады.

14-07-2016, 17:21
Иранда кендерди пайдалануу жана планетадагы адамдардын манипуляциясы ашыкча болгондуктан, өлкөдө орточо температура бир жарым градуска көбөйгөнүн, ирандын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өкмөттүн президентинин орун басары маалымдады.

Жердин эки градуска жогорулашы суу ресурстарына жана айыл чарба секторлоруна зыяны тийсе, өлкөнүн экономикасы да солгундап калышы мүмкүн экендигин Масуме Эбтекар билдирди.

Интересное>> Все статьи

В Иране отметили Национальный день Фирдоуси [ФОТО]

Иранцы отметили день памяти великого поэта....

Жители Тегерана теряют в пробках 20 миллионов часов

Обитатели иранской столицы тратят на пробки 20 миллионов часов в день в переполненном, забитом автомобилями мегаполисе....

Культурное представительство при Посольстве ИРИ в КР

Логин
Пароль
Запомнить