Кыргызский язык   Русский язык   Фарси     bg-login img-registrРегистрация


“Зульфикор” ракетасы расмий түрдө көрсөтүлдү.

22-09-2016, 17:26
“Зульфикор” ракетасы расмий түрдө көрсөтүлдү.Бул ракета Ирандын эң таамай ракеталарына кирип, өлкөнүн узун аралыктуу баллистикалык ракеталарынын катарына киргизилди.

Твиттер чегин кеңейтти

21-09-2016, 15:20
Популярдуу социалдык медиа платформасы Твиттер кызыгылып күтүлгөн жаңылануусун бүгүн тейлөөгө киргизди.

Жаңылануу менен 140 характер болгон чеги кеңейтилди.

Мындан ары твиит жиберип жатканда фотосүрөт, GIF,видео, анкета же бир үзүндү 140 характер саны менен чектелбейт.

Твиттер бул жаңылануусун расмий твиттер эсебинен бөлүшкөн твиит менен жарыялады.

Өзгөрүү, Твиттер колдонуучулары менен катар шилтеме бөлүшүүсүн кылган медиа жана соода мекемелери үчүн чоң мүмкүнчүлүк болду.
trt.net.tr/

Иран сапаттуу дарыларды чыгарууда жогорку мумкүнчүлүктөргө ээ.

20-09-2016, 15:34
Иран сапаттуу дарыларды чыгарууда жогорку мумкүнчүлүктөргө ээ.Мындай пикирин Иран менен Дания биргеликте дары чыгаруу долбоорунун жетекчиси Майкл Сорин Лорсен билдирди.
Ал Иран дарыларынын сапаттуулугуна ыраазы болуу менен, “Изилдөөлөрдүн натыйжасында Иран дарыларынын сапаттуулугун, ирандык өндүрүштөрдүн жогорку мүмкүнчүлүктөрүн байкадык, андыктан Ново – Нордиск компаниясы Иран менен биргеликте дары чыгаруу чөйрөсүндө максаттагыдай иштеше алат деген үмүттөбүз”,- деп кошумчалады.

Иран аймактарында органикалык күрүчтөрдү өстүрүү иштери күч алууда

19-09-2016, 16:59

Ирандын Мазандаран облусунун күрүч боюнча изилдөө жүргүзүү борборунун жетекчиси Рахман Эрфани органикалык күрүчтөрдү өстүрүү тууралуу мындай деп билдирген: Иран аймактарында органикалык күрүчтөрдү өстүрүү иштери күч алууда. Бул органикалык күрүчтөрдү өстүрүүдө эч кандай химиялык заттар колдонулбайт . Ал эми күрүч курттарынан арылуу үчүн табигый чаяндын трихограммасынан колдонулуп, ошондой эле феромондук жыттар менен көзмөлгө алынаарын баяндаган.

Туз колдонуу Иранда дүйнөлүк стандартка жооп бербейт

16-09-2016, 12:57
Жүрөк-кан тамыр көйгөйлөрүнө карата уюштурулган 18- Эл аралык конгрессте Иранды тузду колдонуу дүйнөлүк стандарттан үч эсе жогору экени жарыяланды. Бул кан басымдын жогорулашына алып келет.
Ал эми жылына иранда 93 миңден 43 миңге чейинки жарандарда жүрөк кан тамыр ооруларынан инсульт катталат.

Иран Куран иш-аракеттери

15-09-2016, 16:21
Асади мырза Иран Ислам өлкөсү Куран маданиятын таратууда бардык күчтөрүн жумшап жатканына ишаара кылуу менен айрыкча жыл сайын өтүүчү эл аралык Куран конкурсун белгилеп кетти. Ал ошондой эле Куран илимдери боюнча китептер, түшүндүрмө тафсирлер, хадис китептер Иранда арбын басылып чыгаарын маалымдаган. Тунис улуттук Куран уюму өлкөдөгү эң ири уюмга кирип, өлкөнүн ар бир чекитинде 24 филиалын ачып, иштетип жатат жана Иран маданий өкүлчүлүгү бул борборлордо Куран программаларын өткөрүп жатат.

Москвадагы соода көргөзмөсү Ирандын катышуусу менен ачылды

14-09-2016, 15:56
Эл аралык соода көргөзмө Россия жергесинде Дүйшөмбү күнү 1500 ашык компаниялардын, алардын ичинде Иран Ислам Республикасынын катышуусу менен ачылды.
Төрт күнгө созулуучу иш чарага ирандын азык түлүк, балык жана сүт өндүрүү тармактарынан болуп, жалпысынан 43 компания катышты.
Мындан сырткары, Иран компаниялары Орто Азиянын, Европанын делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.


Иран шал оорусуна каршы

13-09-2016, 16:18
Полиомиелит – балдардын шал оорусуна каршы вакцина өндүрүү технологиясы өтө татаал болот жана дүйнө жүзү боюнча 10 өлкө жана анын ичинде Иран бул даарыларды өндүрүүдө техникалык билимге ээ деп “Рази” илимий-изилдөө борборунун жетекчиси билдирди.
Азыркы учурда “Рази” борборунда өндүрүлгөн 9 вакцина Иранда медицина борборлорунда колдонулуп келет. Ошондой эле азыркы учурда институтта 7 вакцина өндүрүлүүдө алардын көпчүлүгү тирүү бактериялар жана вирустар үчүн колдонулат. Шал оорусуна каршы вакцинаны өндүрүү бир топ убакытт талап кылат жана вакцина төрт жыл бою сакталып турараарын Хамид Кахрам белгилеп өттү. Адамдар эмдөө алдында ар кандай мүмкүн болгон таасирдин алдын алуу үчүн алты ай бою маймылдарга тажрыйба жүргүзүшөт.

Пусандагы Эл аралык кинофестивалда Иран ар кыл тасмаларды көрсөттү

12-09-2016, 17:43
Түштүк Кореяда өтүүчү 21инчи Эл аралык кинофестивалда иран кинематографиясы массалык түрдө катышат.
Иш чаранын биринчи эле күнүндө азия тасмаларынын алкагында иран элинин эки тасмасы , «Гашанг ва Фаранг» , «Хоб-е Аб» эл сынына коюлду.

Ал эми Ирандын атактуу режиссеру Аббас Кияростамигинин жаркын элесине арналаган бөлүктө, анын да мыкты эмгектери тартууланат. Мындан сырткары «Мухаммед Пайгамбар (САВ)» “Маджида Маджиди, «Сыйлыке», «Сатуучу» фильмдер көрсөтүлөт.

Кызыл ЖарымАй коомунун борборун ачууга Иранга төрт мамлекеттен сунуш түштү

9-09-2016, 17:05
Ирандагы Кызыл ЖарымАй коомунун чет элдик саламаттыкты сактоо боюнча генералдык директору Иранга төрт мамлекеттен сурануулар түшүп жаткандыгын маалымдады.

Али-Реза Ансари : « Учурда ИИРсынын Кызыл Жарым Ай коому дүйнөнүн 15 мамлекетинен 23 медборбору бар. Азыркы тапта Сенегал, Пакистан, ирак Эрбиль жана Мадагаскардан сурануулар болууда. Биз бул маселелердин чечүүнү карап жатабыз».

Иран Кызыл Жарым Ай коому Боливия, Мали, Афганистан, Кот-д'Ивуар, Алжир, Комор аралы, Бириккен Араб Эмираты, Гана, Ливан, Ирак, Конго, Судан, Зимбаб, Никарагуа, Шри-Ланка жана Индонезияны тиешелүү дары –дармек менен камсыз кылып келет .

8-сентябрь - Бүткүл дүйнөлүк агартуу күнү

8-09-2016, 17:06
Тегеран шаарында 1965-жылдын 8-сентябрь күнү билим берүү министрлеринин сабатсыздыкты жоюуга арналган Бүткүл дүйнөлүк конференциясы ишин баштаган. ЮНЕСКО уюму 1966-жылы сабатсыздыкка каршы күрөшүүнүн актуалдуулугун аныктоосуна ылайык, 8-сентябрь Агартуу күнү катары белгиленген. Дүйнө жүзүндө билимдүүлөрдүн санын арттыруу максатында Бириккен Улуттар Уюмунун 2002-жылы өткөн Башкы ассамблеясы "БУУнун сабаттуулук он жылы" деп жарыялаган.

Имам Хомейнинин күмбөзү

7-09-2016, 16:28
Бул күмбөздө Ислам ыңкылабынан, 1979-1989-жылдардагы өлкөнүн лидери, Иран тарыхында атактуу инсандын кабыры жайгашкан.
Бүгүнкү күндө каалоочулар күндүн 24 сатынын каалаган убагында күмбөзгө келип зыярат кылып кете алышат.

Тегерандын түштүк-батышында, Хомейни атындагы аэропортуна бараткан жолдо ирандыктар үчүн өзгөчө баалуу, уникалдуу түзүлүш Имам Рухолла Мусави Хомейнинин күмбөзү жайгашкан.

Мыйзамдардын бузулушу Ирандагы балдардын өлүмүнө себепкер

6-09-2016, 15:22
ИИРнын сламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Али Акбар Сайари мыйзамдардын бузулушу Ирандагы балдардын өлүмүнө себепкер экендигин билдирет.

Ошондой эле автокырсыктар жана авиакырсыктар да негизги фактор экендигин кошумчалайт. Тагыраак айтканда адам өмүрүн алуунун 14%ы жол кырсыктарына байланышкан.

«Мухаммед – Аллахтын элчиси» тасмасы Казанда

5-09-2016, 17:49
Маджида Маджид режиссерлук «Мухаммед – Аллахтын элчичи» көркөм тасмасы Казан шаарында өтүүчү Эл аралык фестивалда тартууланат.

12-Эл аралык ислам тасмаларынын фестивалы Казанда 5дан 11 - сентябрь аралыгында өтөт. Мындан сырткары аталган фильм шаардын үч кино залында көрүүчүлөргө тартууланат.

Жылына Иранда 1000 медайым иш таштайт

2-09-2016, 14:47
Иран Эл аралык медайымдарды уюштуруу бөлүмүнү, жылына 1000дн ашык кызматкер чет элде иштөөгө аттанышаарын билдирди.
Иранда медайымдардын билимдүүлүгү, акылы чет элдиктердин кызыгуусун арттырат. Натыйжада алардын жетишсиздиги бүгүнкү күндө көйгөйлүү маселеге айланды.

Иран эскертүү берди

1-09-2016, 15:54
Иран ислам ыңкылабын коргоо корпусу акыркы жумада социалдык-медиа түйүндүн 450 админстраторун кармап, эскертүү бергенин кабарлады. Маалымат 23-августта корпусттун кибер колу саналган Cherdab мекемесинин веб-сайтына илинди. Кармалган адамдар Телеграмма медиа-түйүнүн пайдаланып, моралга сыйбаган маалыматтарды тараткан деп айыпталды. Иран ислам ыңклабын коргоо корпусу кармалгандардын кээ бирлери сот алдында жооп берерин билдирди.

Cherdab сайтында социалдык тармактардын колдонуучулары диний ынанымдарды мазактаган, мода жаатында мыйзамсыз аракеттерди жасаган деп белгиленген. Бир нече адам баш кийимсиз аялдардын сүрөтүн койгону үчүн кармалган. Бул кармоолор Иранда катаал линияны кармагандар менен жумшагыраак болууну каалагандар ортосундагы чоң маданий күрөш экени айтылууда.

Ирандагы 80 миллион калктын жарымы социалдык түйүндөрдү колдонот. Бир эле Телеграмманын 20 миллиондон ашуун колдонуучусу бар.

Ирандын баскетбол боюнча улуттук балдар курама командасы Азиянын чемпиону болду

31-08-2016, 13:59
Fars кабар агенттигинин маалыматына ылайык, Азиянын жыйырма төртүнчү жыйынтыктоочу баскетбол оюнунда Ирандын баскетбол боюнча улуттук балдар курама командасы менен Жапония курама командасы мелдешип, 71:65 эсеби менен Иран командасы атаандаштарын женип чыгышты. Ирандын баскетбол оюнчулары үчүнчү жолу Азия чемпиону болду. Ошондой эле Ирандын баскетбол курама командасы Япония жана Түштүк Корея командалары менен бирге, 2017-жылы Египетте өтө турган дүйнөлүк чемпионатка катышат. Мурда чемпиону болуп жүргөн Кытайдын баскетбол курама командасы бул жолу бешинчи орунду ээледи.

Иран социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларына эскертүү берди

30-08-2016, 12:23
Иран ислам ыңкылабын коргоо корпусу акыркы жумада социалдык-медиа түйүндүн 450 админстраторун кармап, эскертүү бергенин кабарлады. Маалымат 23-августта корпусттун кибер колу саналган Cherdab мекемесинин веб-сайтына илинди. Кармалган адамдар Телеграмма медиа-түйүнүн пайдаланып, моралга сыйбаган маалыматтарды тараткан деп айыпталды. Иран ислам ыңклабын коргоо корпусу кармалгандардын кээ бирлери сот алдында жооп берерин билдирди.

Cherdab сайтында социалдык тармактардын колдонуучулары диний ынанымдарды мазактаган, мода жаатында мыйзамсыз аракеттерди жасаган деп белгиленген. Бир нече адам баш кийимсиз аялдардын сүрөтүн койгону үчүн кармалган. Бул кармоолор Иранда катаал линияны кармагандар менен жумшагыраак болууну каалагандар ортосундагы чоң маданий күрөш экени айтылууда.

Ирандагы 80 миллион калктын жарымы социалдык түйүндөрдү колдонот. Бир эле Телеграмманын 20 миллиондон ашуун колдонуучусу бар.

Руководители Ирана


   Али Хаменеи      Имам Хомейни
Наши партнёры

Иранка родила ребенка под гипнозом

В одном из госпиталей Мешхеда женщина родила ребенка под гипнозом, что сделало роды максимально безболезненными....
Интересное>> Все статьи

Иранка родила ребенка под гипнозом

В одном из госпиталей Мешхеда женщина родила ребенка под гипнозом, что сделало роды максимально безболезненными....

Акцент на укреплении сотрудничества Ирана и России в области безопасности в борьбе с терроризмом

Председатель Собрания исламского совета Ирана выступил за укрепление сотрудничества Ирана и России в плане безопасности и борьбы с терроризмом....

К 2019 году Иран перейдет на «умные» ID-карты

К марту 2019 года население Ирана обзаведется «умными» ID-картами, индивидуальными электронными идентификационными номерами и электронными подписями....

Культурное представительство при Посольстве ИРИ в КР

Логин
Пароль
Запомнить