Кыргызский язык   Русский язык   Фарси     bg-login img-registrРегистрация


18 күндө ирандын ар кайсы райондорунан 5 аюу өлүп калды

8-08-2016, 16:23
Акыркы күндөрү Ирандын ар кайсыл аймактарында аюулардын өлтүрүлүшү жаныбарларды сүйүүчүлөрдү тынчсыздандырууда. Учурда өлгөн аюулардын саны бешке жетти. Аладын экөө жол кырсыгынан, үчөө мергенчилердин колунан мерт кетти.
Иранда күрөң түстөгү аюулар эң баалуу жаныбар тукуму катары бааланып келет.

Ирандын бийлиги 25 террорчуну өлүм жазасына тартты

5-08-2016, 15:20
Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча террорчулар кол салып, курмандыктарын уурдап кетип турушкан. Жабыркагандардын арасында аскерлер менен жай тургундар да болгон.
Ирандын бийлиги жергиликтүү "Таухид жана Жихад" террордук тобуна мүчө болгон Күрдстан провинциясынын 25 тургунун өлүм жазасына тартты.

Террорист деп аталгандар кыргыз жарандыгынан кол жууйт
Алар Ирандын бир катар шаарларында теракт уюштурду деп айыпталганын провинциянын прокуратурасы билдирди. Айыпталган жарандар Тегерандан алыс эмес Раджаи түрмөсүндө кармалып келген.
Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча террорчулар кол салып, курмандыктарын уурдап кетип турушкан. Жабыркагандардын арасында аскерлер менен жай тургундар да болгон.
http://sputnik.kg/

Генерал Вахиди: "Иран – эң туруктуу мамлекет"

4-08-2016, 16:31
Ирандын улуттук коргоо жогорку академиянын жетекчиси, ИИРсы коопсуз мамлекет катары туруктуу экендигин маалымдады. Мындар сыркары генерал өз сөзүндө “Иран бир гана майда касаташууларга эмес, эң чоң кастарга да күчү жетет”,-деп билдирди.

Иран календарында Тегерандын күнү белгиленди

3-08-2016, 13:28
Ирандын коомдук маданият кеңешинин жыйналышында Тегерандын күнү календарда жайгашышы тууралуу долбоор каралды.
Жыйынтыгында, 5-октябрь Тегеран күнү катарында белгиленди. Бул күнү Тегеран официалдуу түрдө борбор шаар катары жарыяланган.

Йезддин тарыхий бөлүгүн ЮНЕСКО карап жатат

2-08-2016, 16:28
Ирандын маданий мурастар уюмунун маалыматы боюнча, ушул айдын ичинде ЮНЕСКО нун өкүлдөрү жана эксперттери Йездге келишээрин маалымдады. Алар талган аймак менен жакындан таанышып, бүгүнкү күндөгү абалын анализдөө менен ЮНЕСКО нун мадний мурастар тизмесине каттоо маселесин карашмакчы.
Бул суроо өткөн жылдарда да бир нече жолу каралган. Ал эми эсперттер оң жакка чече турган болсо, бул суроо ушул жылы толук чечилет.

Куфадагы сынакта ирандык каллиграфтар өзгөчөлөнүштү

1-08-2016, 14:51
Ирандыктар Куфада өткөн сынакта өздөрүн мыкты корсөтө алышты. Каллиграфтар ас-Сафир аталышындагы болуп жаткан алтынсы жолку сынакта ирандыктар бир канча байгелерди утуп алышты. Анда жалпысынан 90го жакын катышуучу дүйнөнүн 23 мамлекетинен келишкен.
Сынакта Фархад Ясин, Сабер Сафаи ийгилик жаратышып, кат категориясында да бир ирандык талапкер белекке ээ болушту.

Иран атом-адистери Россиядан атайын окуутулардан өтүшөт.

29-07-2016, 17:49
«Русатом Сервис” компаниясынын демилгесинин алкагында уюштурулуп жаткан эки жумалык окууга Ирандын атом-адистери катышышат.
Андагы башкы максат, Россия жергесинин кирешелери жана оңдоо, тейлөө иштери менен жакындан таанышуу, үйрөнүү болуп эсептелет. Окуу 4-августка чейин уланат.

Ирандагы президенттик шайлоонун күнү жарыяланды

28-07-2016, 17:55
Иранда кезектеги президенттик шайлоонун күнү жарыяланды. Шайлоо 2017-жылдын 18 –майында Иранда өтмөкчү. Аны менен катар эле шаардык ислам кеңешчилерин шайлоо да өткөрүлөт.


Ирандын коргоо министри: Ирандын ракеталык программалары эч кимге тиешеси жок

27-07-2016, 15:36
Ирандын коргоо министри « Ирандын ракеталык программалары эч кимге тиешеси жок»,-деп билдирди. Бул тууралуу эч бир мамлекет эч кандай чечим чыгарбайт. Учурда диний уюмдар күч алып жаткандыктан ракеталык программалар эч нерсеге карабай ишин жүргүзө бермекчи.

Индиялык режиссерлор Иран менен кызматташууга кызыктар

26-07-2016, 17:23
Атактуу индиялык кинорежиссер Санджай Митва ИРНА кабар агенттигине берген малыматында “эки тараптын биргелешкен искусстволук эмгектери көз жаздымда калбай, суроо талапты күчөтөт”. Ал тасмалар эки өлкөнүн маданий карым катнашын да күчөтөөрүн кошумчалайт.
Нью-Делиде Иран тасмасы фестивалынын алкагында курган маегинде режиссер, 60 жылдан бери кызматташып келе жаткан бул тармак мындан ары да улана берээрин билдирди.

ЕБ Ирандын дүйнөлүк экономикага кайтышын колдойт

25-07-2016, 16:38
ЕБ 11 июлдан 14-июль аралыгында Иран өлкөсүндө болгон жолгушуунун зарылчылыгы чоң экендигин билдирди.
Маалыматка таянсак, кийинки жолугушуу 17-19-октябрь аралыгында Иранда өтөт.

Иран аэропорттору Эл аралык стандартка жооп берет

22-07-2016, 17:53
Иран аэропорттору жана аба новигацияларынын генералдык директору “Иран аэропорттору аэронавигация билими боюнча Эл аралык стандартка жооп берет”-деп билдирди. Ошондой эле 70 органдардын колдоосундагы аэропорттор Ирандын улуттук капиталдарынын бири экендигин кошумчалады.

"Кызым» кино тасмасы Испаниядагы кинофестивалга катышат

21-07-2016, 13:57
Учурда Ирандын кино театрларында эл сынына коюлуп жаткан «Кызым» тасмасы Испаниядагы эң баалуу делген кинофестивалда ат салышат. Рез Миркарими рессижерлук кылган тасма жакында эле Москвада өткөн кинофестивалда «мыкты фильм» наамына ээ болгон.

Ирак ишкерлери Иран товарларын сатып алууга даяр

20-07-2016, 16:25
Ирак ИИРнын товарларын сатып алууга даяр. ИРНА кабар аганттигин берген маалыматына таянсак, Ирак жана Иарндын Сатуу палатасынын башчысы Яхья Аль Исхак Иракта Иран элинин товарын сатууга туура келчү базарлар бар экендигин билдирген. Жыл Ирандын сайын 110 млн.тонна айыл-чарба, сүт, эт азыктары чет элдерге эскпорттолот.

Дүйнөдөгү эң байыркы колго жазылган Курандар

19-07-2016, 16:26
Британиянын Бирмингем Университетинде 1370 жыл муруңку байыркы Куран барактары табылды. Бул курандын барактары эчки жана койдун терилеринен жасалган.
Эске салсак, буга чейин эң байыркыландан болуп, Кытайдын Ганьсу мусулмандар провинциясында 1912-жылы Куран кытай тилине которулган.
Ошондой эле« Каджарлар Китеби» аталышындагы алтын жалатылган Курандын 8 барагы Иран жергесинен табылган.

Тегеран тургундары Иран менен ири мамлекеттер ортосунда өзөктүк программа боюнча келишимге кол коюлушун майрамдашты

18-07-2016, 18:13
БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия Иран менен бир нече жыл жана бир нече айлампадан өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин макулдашууга былтыр жетишкен. Өлкөнүн тышкы иштери министри Жавад Зариф Парижде болгон учурунда төмөнкүлөргө токтолгон :


- Биз алака-катыштын (Батыш менен) жаңы баскычына кирдик. Бул өз ара кызыкчылыктарга жана жалпы максаттарга жетүүгө багытталган. Алардын бири - өзөктүк чөйрө. Дүйнө көрүп тургандай, Иран өз убадаларын карманып, аларды бузган жок жана ушундай эле деңгээлде башкалар да өз убадасын аткарышын күтөт.

Белгилүү ирандык режиссер Аббас Кияростами дүйнө салды.

7-07-2016, 12:34
Белгилүү ирандык режиссер Аббас Кияростами, узакка созулган оруудан улам, дүйшөмбү күнү кечинде Париждеги орууканалардын биринде 76 жашында дүйнө салды.

Режиссер айыкпас рак оруусу менен алпурушуп, кыш айында торт ирээт хирургиялык операцияны башынан өткөрүп, кээ бир учурларда комагада тушуп калган.

Кияростами, ондогон эл аралык ыйлыктар менен таанылып, дүйнөгө өзүнүн режиссерлор мектебин ачууга да ээ болгон.2011-жылы Гардиан басылмасынын жыйынтыгы менен Кияростами дүйнөдөгү эң белгилүү 40 режиссерлордун санына кирген.

Иракта ирандык диссиденттердин лагери аткыланды

6-07-2016, 17:38
Багдаддагы аэропортко жакын жайгашкан ирандык диссиденттердин лагери аткылоого тушукту. Андан бир канча адам жарат алганын жергиликтүү булактар кабарлады. Лагерде оппозициялык Иран элинин жоочулары уюмунун өкүлдөрү башпаанек табышкан. Багдад шаар жетекчилиги билдиргендей, жакын арада башка мамлекетке көчүүгө камынып жаткан ирандык оппозиционерлерге жүк машинесинен 20га чукул ракета атылган. Кол салуудан Ирактын жергиликтүү тургундары да жабыркаганы айтылууда.

Ирандык диссиденттер 1980-жылдары Ирак жана Иран ортосундагы согушта Ирак президенти Саддам Хусейнге тилектеш болушкан. Бирок Саддам Хусейн бийликтен кулаган 2003-жылдан бери чабуулдарга кабылып келишет. Былтыр октябрдагы кол салууларда 26 киши набыт болгон. Ирактыктар аларды Тегеран өкмөтү менен катышы бар согушкерлер менен тилектеш деп күнөөлөп келишет.

Руководители Ирана


   Али Хаменеи      Имам Хомейни
Наши партнёры

Посол Германии в Иране: Экономический рост в Иране - мечта Германии

Посол Германии в Иране, заявляя, что уже созданы условия для дальнейшего улучшения экономических отношений между двумя странами, отметил: "Иран показывает очень хороший экономический рост. Об этом мечтает наша страна"....
Интересное>> Все статьи

Посол Германии в Иране: Экономический рост в Иране - мечта Германии

Посол Германии в Иране, заявляя, что уже созданы условия для дальнейшего улучшения экономических отношений между двумя странами, отметил: "Иран показывает очень хороший экономический рост. Об этом мечтает наша страна"....

Китайские власти: Китай помог иранскому танкеру всеми силами

Заместитель главы МИД КНР сказал, что его страна помогла иранскому танкеру всеми силами....

Иран и Индия подписали соглашение о развитии железных дорог

Иран и Индия подписали соглашение на 2 млрд долларов для развития сотрудничества в железнодорожном секторе....

Культурное представительство при Посольстве ИРИ в КР

Логин
Пароль
Запомнить